23:11 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
170 0 0

Алгачкы учак 14-август күнү абага көтөрүлөт. Жүргүнчүлөр жолго чыгаар алдында сөзсүз COVID-19га анализ тапшырып, тиешелүү документтерин тууралап алышы керек.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы аба каттам кайра жанданып, алгачкы учактар 14, 21, 28-август күндөрү учмай болду. Бул тууралуу КРдин Дубай шаарындагы башкы консулдугунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Дубай — Бишкек — Дубай каттамы аптанын жума күндөрү аткарылып, алгачкы учак 14-август күнү абага көтөрүлөт. Жүргүнчүлөр аэропортто COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшырып сапарга чыгат.

"Аэрофлот" бир нече шаарга августтагы каттамдарын токтотту. Ичинде Бишкек да бар

Ал каттам менен кимдер Кыргызстанга келе алат:

  • Кыргызстандын жарандары;
  • КР жарандарына жакын тууган болгон чет элдиктер (күйөөсү же аялы, балдары, ата-энеси);
  • Кыргызстандын эмгек визасы бар чет мамлекеттин жарандары;
  • КРде катталган дипломатиялык өкүлчүлүктүн, элчиликтин, эл аралык уюмдардын кызматкерлери;
  • Чет элдик расмий делегациянын мүчөлөрү.

Жогорудагы тизмеге туура келбеген тараптар Кыргызстанга учуп келе алышпайт. Дубай шаарындагы аэропорт аркылуу транзит менен учкан адамдардын колунда коронавируска ташпырган тесттин жыйынтыгы болушу керек.

Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты

Ал эми Бишкектен Бириккен Араб Эмирлигине учкан кыргыз жарандары бара турган өлкөнүн миграция кызматынан уруксат алышы абзел. Андан сырткары, коронавирустун жок экендигин тастыктаган медициналык бүтүм керек.

Тема боюнча

Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты
Белгилер:
коронавирус, жаран, каттам, Дубай, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ