14:22 29 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.5457
  • RUB1.0105
Коом
Кыскача шилтеме алуу
461 0 0

Батыр Осмонов бир топ эл аралык конгресстерге катышып келген. Жаш дарыгер Швейцарияда такшалып, илимий эмгектерин япон жана немис окумуштууларына тааныткан, Италия, Испания, Түркиядагы кесиптештери менен тажрыйба алмашкан. Бирок айланып кайра мекенге кайткан.

Пульмонолог-сомнолог Батыр Осмоновдун илимий жетишкендиктеринин баарын тизмектөө үчүн А4 форматынан бир нече барак керектелет. Соңку 1,5 жылда ал практикалык ишке басым жасап, бейтаптарды дарылап, студенттерге сабак да берип келет.

— Өзүңүз тууралуу айтсаңыз.

— Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарчасынан болом. Жакындарым да биздин райондо дарыгер болуп эмгектенишкен. Бала кезимден эле алар мени медицинага багытташкан. Андыктан кесип тандоодо эч буйдалган эмесмин. Ошентип, врачтардын династиясын улантууну чечтим.

Туулуп-өскөн шаарымда мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик медициналык университетке тапшырдым. Бюджеттик бөлүмгө өтө албадым, орун аз бөлүнүптүр, келишимдик негизде окудум.

Окуу акысын төлөө үчүн түнкүсүн бармен жана официант болууга туура келчү. Албетте, түнкү нөөмөттөн кийин сабакка барыш да өзүнчө чоң сыноо эле. Кээде: "Мунун эмне кереги бар мага?" – деген ойлорго да алдырчумун. Бирок андай ойлор тез эле тарап кетчү. Анткени апам, атам, чоң апам мага үмүт артышкан. Алардын ишеничин актоого аракет кылып жүрүп университетти аяктадым. Бирок бул билим алуумдун соңу дегендик эмес эле. Врач — бул дайым билимин өркүндөтүп турууга тийиш болгон түбөлүк студент. Мен азыр жолдун жарымында эле жүрөм десем жарашат.

Бишкекке келип, Улуттук кардиология жана терапия борборунун клиникалык ординатурасына тапшырып, тар профилди тандадым. Адегенде кардиологияга баргым келген, бирок профессор Талантбек Сооронбаев өпкө оорулары жана тоо медицинасына байланышкан кыргыз-швейцариялык бир долбоорго тартты. Ошондон бери жыл сайын бийик тоолуу алыскы аймактарга аттанып, жергиликтүү тургундарга жардам берип келчүбүз. Ошондо кайсы багытты тандарымды так түшүнгөм.

Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги

— Даярдыктан өткөн киши деле бийик тоолуу аймактардын катаал шартына көнүшү оңой эмес го...

— Экспедицияга жарым жыл даярданабыз. Ар кайсы тармактагы врачтардан (пульмонолог, кардиолог, уролог, гинеколог, стоматолог) турган топ 20 чакты күнгө тоолуу аймактарга чыгат. Экспедициялык топ деңиз деңгээлинен 3000 метр жана андан да бийикке чыгып, катаал климаттык шарттарга кабылышат. Бийик тоолуу шартка организм жаңыдан ыңгайлашканча эки күн адам кыйналат. Үчүнчү күн дегенде жеңилдеп, деми кыстыкканы, чаалыкканы токтойт.

Жер-жерлерде чакан талаа госпиталдарын куруп, элди көрүп, дары беребиз. Жергиликтүү тургундар көчмөндөр сымал боз үйлөрдө күн кечиришет. Ал жакта саратанда да ушунчалык суук, ошондуктан биз кышкы күрмөчөн жүрөбүз.

Мал ээн-эркин оттосун деп боз үйлөр бири-биринен 1,5-2 чакырым алыс тигилген. Ары-бери атка минип катташат, сууну дайрадан алышат. Боз үйдү көң жагып жылытышат, бул өпкөгө таасир этет. Жалпысынан тоолуу райондордогу турмуш респиратордук тутумдун абалына чагылат. Мындай таасир биздин чет өлкөлүк кесиптештерибизди да кызыктырган. Бул долбоордо Швейцариядан өнөктөштөрүбүз иштеген. Алар биздин кызматкерлерди, анын ичинде мени да өз өлкөсүнө билимимди байытып, тажрыйба топтоп кетүүгө чакырышты.

— Сиздин иликтөөңүз кезегинде эл аралык конгрессте япон адистерин таасирленткенин окуганым бар.

— Бул жалгыз менин эмес, биздин экспедициялык топтун эмгеги! Докладчы катары мен биздин илимий эмгектердин жыйынтыктарын комиссияга тааныштыргам. Биздин иликтөөнүн идеясын, кандай шарттарда иштегенибизди айтып бердим. Жаш окумуштуулар сынагынын калыстары биздин ишти, анын презентациясын жогору баалады. Жыйынтыгында дүйнөнүн булуң-бурчунан катышкан 96 иликтөөнүн ичинен биздин илимий эмгек биринчи орунду ээлеген.

Ошондо биз Кыргызстанда мындай иликтөөнү жүргүзүүдө европалыктардан кем калышпаган адистердин күчтүү командасы бар экенин далилдей алдык.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

— Эл аралык конгресс, сынактарга катышуу менен Германия, Италия, Испанияда болупсуз. Биздин медицинабыз алардын деңгээлинен канчалык артта калат?

— Көп нерседе адистерибиз европалык врачтардан кем калышпайт. Бизде билим жагынан чектөө бар, анткени биз кымбат жогорку технологиялык жабдыктарды ала албайбыз. Албетте, эгер Кыргызстанга соңку үлгүдөгү аппараттар алып келине баштаса, биз пульмонологияда гана эмес, бөлөк чөйрөлөрдө да билимибизди тез эле бышыктап алмакпыз.

Европа же Америкада медициналык билим берүү тутуму биздикинен кескин айырмаланат. Ал жакта билим мазмундуу, катаал жана узагыраак созулат. Буга карабастан, алыскы чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан бир топ кыргызстандык дарыгерлерди билем.

Пульмонолог-сомнолог Батыр Осмонов во время зарубежных выездов
© Фото / предоставлено Батыром Осмоновым
Пульмонолог-сомнолог Батыр Осмоновдун илимий жетишкендиктеринин баарын тизмектөө үчүн А4 форматынан бир нече барак керектелет. Соңку 1,5 жылда ал практикалык ишке басым жасап, бейтаптарды дарылап, студенттерге сабак да берип келет

— Ал жакта маяна да жогорудур?..

— Чындап эле дарыгерлик кесип ал жакта эң көп төлөнгөн иштерден, бирок стандарттары да башка. Анткени медициналык камсыздандыруу өнүккөн. Эл муну эстен чыгарбайт. Ошол эле Швейцарияда медициналык камсыздандырууга айлык акынын 30 пайызы, Германияда 40 пайызы кетет. Бирок бейтаптын кандай көйгөйү болбосун, бардык процедуралар, оор операцияларга чейин акысыз жасалат.

Андай системанын башка тарабы да бар. Чыгымдардын баарын камсыздандыруучу компания жапкандыктан, ар бир камсыздандырылган учурду тыкыр иликтейт. Врач дайым санааркоо, ойлонуу, кээде кооптонуу менен иштейт, документтерде үтүр калып калса да кесепети чоң болушу мүмкүн.

Эмнеге Кыргызстанда врачтардын маянасы аз? Өлкөбүз чакан, убагында катуу каатчылыкты башынан өткөргөн. Алты жарым миллион калктын сезилерлик бөлүгүн балдар түзөт, бир миллион кыргызстандык чет жакта эмгектенет.

Кымыз коронавирустан айыгууга жардам береби? Россиялык адис менен маек

Иштебеген жана жөлөкпул алгандарды да унутпаңыз. Ошентип отуруп иштегендердин анчалык жогору эмес айлыгынан бюджетке ошондой эле аз көлөмдө салык төгүлөт. Мамлекет бир убакта врачтык кесипти көп төлөнчү деңгээлге чыгара албайт.

Камсыздандыруу тутумуна же менчик медицинага өтүү дайым эле чара болуп бербейт, анткени калктын кирешеси да төмөн. Ооба, дарыгерлердин маянасы да аз, бирок врачтык кесиптин маңызы акчада эмес, бул милдет экенинде. Эгер бизди бир гана каржылык жагы кызыктырган болсо, биз эбак эле баарын таштап, башка тармакка кетип калмакпыз.

Пульмонолог-сомнолог Батыр Осмонов во время зарубежных выездов
© Фото / предоставлено Батыром Осмоновым
Батыр Осмонов: ошол эле Швейцарияда медициналык камсыздандырууга айлык акынын 30 пайызы, Германияда 40 пайызы кетет. Бирок бейтаптын кандай көйгөйү болбосун, бардык процедуралар, оор операцияларга чейин акысыз жасалат

— Кыргызстандан кетип калууну ойлонбойсузбу?

— Албетте, андай ойлор келбей койбойт. Бирок сыртта да турмуш кынтыксыз эмес, жакшы тарабы да, кемчилик жагы да бар. Биз билимибизди жаңыртып, толуктап, мекенде керекке жарачу тажрыйба топтоо үчүн сыртка чыгып турушубуз керек.

Европада врач болуп иштесең, көбүрөөк акча табасың. Бирок жашоо таптакыр башка, анан калса, кымбат. Азиялык мамлекеттен барган кишинин батыш маданиятына көнүшү алда канча татаал. Бул үчүн ошол жакта төрөлүп же ошол чөйрөдө өсүш керек. Мага мекенде жашаш ыңгайлуу, анын жыргалчылыгы үчүн иштегим келет.

— Биз билгенден сиз сомнолог дагы болуп иштейсиз, туурабы? Бул биздин өлкө үчүн сейрек адистик.

— Чындыгында бул багытта адистер анчалык көп эмес. Ошондон улам ашыкча салмак-гиповентиляция өңдүү патологияга көп көңүл бурулбайт. Биз бейтаптарга дем алууга жардам берүүчү аппараттар менен иштейбиз.

—Кыргызстандыктар өз ден соолугуна кам көрүүдө жоопкерчиликтүү боло баштадыбы? Же дагы деле дарыгерге "ана барам, мына барам" деп акырына чейин создуктуруп жүрүшөбү?

— Күн сайын ар кандай бейтаптарга жолугабыз. Көпчүлүгү саламаттыгына шалаакылык кылышат, бирок акыркы жылдары көп нерселер өзгөрүү нугунда. Адамдар спорт менен машыгып, жок дегенде сергек жашоого ыктагандар арбып барат. Ой келди мамиле кылгандан оолактай башташты. Кыргызстандыктар кийин азап тарткандан көрө, учурунда организмге кам көрүү керектигин, дарылоодон көрө алдын алуу арзан экенин түшүнүп калышты.

— Бейтаптар одоно мамиле кылган учурлары көп болобу?

— Медиктердин баары андай мамилеге кабылышат. Бейтаптардын көпчүлүгү аларды тейлөөнү талап кылат, врачтарга болгон жөнөкөй сыйды да унуткарышат. Менимче, акыркы окуялар бардык нерселерге көз карашты өзгөртүүгө түртөт окшоп калды.

Бейтаптардын башка тобу да бар. Бир жолу бир айым баарын врач айткандай кылып жатса деле дарылардын жардам бербегенин буркан-шаркан түшүп айтып жатат. Көрсө, ал болгону жабдууну туура эмес пайдаланган экен....

Башкалары дегеле врачтарга ишенгиси жок, эмчи-домчуларга кайрылат. Анан да: "Мына силердин дарыңардан дабаа болбоду, дары чөптөрдөн эле сакайып алдым", – дешет. Мына ой менен сөздүн кудурети ушунда...

Астма же өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары бар бейтаптар көз каранды болуп калабыз деп ингалятор колдонгусу келбейт. Ар бир экинчи бейтап ушундай ойдо! Эл арасында эмне деген гана мифтер жаралбайт десеңиз...

Чылым чеккендер коронавирусту жеңил көтөрөбү? Пульмонологдун жообу

— Учурдагы кырдаалдан улам бул соболду узатпай кое албайм. Өпкөнү дарттан сактоо үчүн эмне кылуу абзел?

— Пульмонологдор бейтаптарды тамеки чегүүдөн дайым айныта алат. Бул – респиратордук илдеттердин баарына кабылтуучу күчтүү фактор. Биз чылым чегүүнүн бардык түрлөрүнө, анын ичинде кальян жана электрондук тамекиге да каршыбыз.

Мындан тышкары, өпкөнү көмүр жана биомассаларды жагуудан коргоо зарыл. Ошондой эле аллергиялык оорулардын белгилери байкалса, врачка кайрылууну кечеңдетпөө керек. Ден соолукка кам көрүңүздөр!

Тема боюнча

Башкы пульмонолог: коронавирусту кайра жуктуруп алам деп коркпогула
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл
Белгилер:
ден соолук, иликтөө, пульмонолог, дарыгер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ