ТИМ Россия жана Түркиядан келген мекендеш дарыгерлерди сыйлады

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков мекендеш-дарыгерлерле сыйлык тапшыруу учурунда
Тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков мекендеш-дарыгерлерле сыйлык тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлыктарды тапшырган тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дарыгерлердин COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү эмгегин жогору баалады.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россия жана Түркиядан Кыргызстанга келип, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон  мекендеш-дарыгерлерди Тышкы иштер министрлиги сыйлады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МИД КРМИД КР вручил награды врачам-соотечественникам, прибывшим из России и Турции
Россия жана Түркиядан Кыргызстанга келип, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон  мекендеш-дарыгерлерди Тышкы иштер министрлиги сыйлады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Россия жана Түркиядан Кыргызстанга келип, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон  мекендеш-дарыгерлерди Тышкы иштер министрлиги сыйлады
© Фото / пресс-служба МИД КРМИД КР вручил награды врачам-соотечественникам, прибывшим из России и Турции
Салтанат министрликте өтүп, сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Салтанат министрликте өтүп, сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды
© Фото / пресс-служба МИД КРМИД КР вручил награды врачам-соотечественникам, прибывшим из России и Турции
Өз сөзүндө ал пандемияга каршы күрөштө медицина кызматкерлеринин кесипкөй эмгегин жогору баалаган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өз сөзүндө ал пандемияга каршы күрөштө медицина кызматкерлеринин кесипкөй эмгегин жогору баалаган.
1/3
Россия жана Түркиядан Кыргызстанга келип, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон  мекендеш-дарыгерлерди Тышкы иштер министрлиги сыйлады
2/3
Салтанат министрликте өтүп, сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды
3/3
Өз сөзүндө ал пандемияга каршы күрөштө медицина кызматкерлеринин кесипкөй эмгегин жогору баалаган.

Салтанат министрликте өтүп, сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды. Өз сөзүндө ал пандемияга каршы күрөштө медицина кызматкерлеринин кесипкөй эмгегин жогору баалаган.

“Пандемия күч алган тушта сиздер үч миңдей адамга медициналык жардам көрсөтүп, абалы оор жана өтө оор бейтаптардын өмүрүн сактап, эң оор шарттарда иш алып бардыңыздар. Баарыңыздар “кызыл зонада” иштедиңиздер, ошол эле маалда семинарларда, лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, тажрыйба, билимиңиздер менен бөлүштүңүздөр. Сиздер учурдун баатыры экени талашсыз”, — деди Айдарбеков.

Маалымат кызматынын билдиришинче, саламаттык сактоодо ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана жетишкендиги үчүн Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгынын юбилейлик медалы менен жети дарыгер сыйланды. 31 медицина кызматкерине “Күжүрмөн эмгеги жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө кошкон салымы үчүн” ыраазычылык айтылды.

Эскерте кетсек, өкмөт да буга чейин өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0