Ысык-Көлдөн балыкчылар таштап кеткен 10 чакырымдай торлор жыйналды

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХ Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Ысык-Көлдөн балыкчылар таштап кеткен торлорду жыйноо учурунда
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Ысык-Көлдөн балыкчылар таштап кеткен торлорду жыйноо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдө суунун асты жана жээк чарбалык таштандылардан тазаланып, үч тоннадан ашык акыр-чикир алынган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү эндемикалык балыктардын түрлөрүн сактоо максатында көлдүн түштүк жээгиндеги балык чарбаларынын аймагындагы суу астындагы жана жээктеги таштандыларды тазалашты. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында суудан балык уулоочу жүздөн ашык ар кандай өлчөмдөгү торлор жыйналды. Жалпы узундугу 10 чакырымга жетет.

"Баасы арзан жана сатыкта кеңири болгону үчүн балык уулоочулар ал торлорду жайган жерине таштап кетип калышат. Ташталган торлор келген канаттуулар жана көлдө жашаган башка жандыктар үчүн коркунуч жаратат", —  деп айтылат маалыматта.

Желим каражаттар табиятты ого бетер кирдетти. БУУ башка нерсе сунуштоодо

Мындан сырткары, көлдө суунун асты жана жээк чарбалык таштандылардан тазаланып, үч тоннадан ашык акыр-чикир алынган.

Алар Балыкчы шаарындагы "Ихсан экогрупп" ишканасына кайра иштетүүгө тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0