Колледждерге кабыл алуунун II туру башталды. 25-августка чейин уланат

© AFP / ED JONESНоутбукта иштеп жаткан кыз. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлүп, жыйынтыгында 22 070 өтүнмө катталган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бүгүн, 7-августта, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу быйыл онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан системада катталышат.

"Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, "Каттоо" баскычын басуу керек", —  деп айтылат маалыматта.

Министрликтен Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 2020-жылдын 7-августунан 25-августуна чейин жүргүзүлөрүн айтышты.

Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлүп, жыйынтыгында 22 070 өтүнмө катталган.

Документтердин түп нускаларын студенттер орто кесиптик окуу жайларга (ОКОЖ) окуу жылдын башында бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0