Медакадемияга канча бюджеттик орундар бөлүнгөн? Адистиктердин тизмеси

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл пульмонология, тез жардам, клиникалык-лабораториялык диагностика адистиктери боюнча да бюджеттик орундар көп берилген.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына быйылкы окуу жылы бюджеттик орундарды көбүрөөк бөлгөн. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, мындай чечим медицина тармагындагы адистиктерге суроо-талап көп болгондуктан кабыл алынган.

КММАдагы бюджеттик орундардын тизмеси:

  • "Дарылоо иши" — 210 орун;
  • "Медициналык-профилактикалык иши" — 60 (20 орунга көбөйгөн);
  • "Педиатрия" — 40;
  • "Медайымдык иш" — 10 орун.

Ош мамлекеттик университине 80 гранттык орун бөлүнгөн. Алар:

  • "Дарылоо иши" — 40 орун;
  • "Медициналык-профилактикалык иш" — 20;
  • "Педиатрия" — 15 орун.

Ординатурадагы бюджеттик орундар:

  • "Эпидемиология" — 30 орун;
  • "Инфекциялык оорулар" — 22 орун;
  • "Микробиология" — 30 орун;
  • "Реаниматология" — 26 орун.

2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралып жатканы кошумчаланды. Быйыл башка да адистиктерге бюджеттик орундар көбөйгөн.

Алар:

  • "Пульмонология" — 35 орун;
  • "Тез жардам" кызматы — 12 орун;
  • "Клиникалык лабораториялык диагностика" — 20 орун.
Жаңылыктар түрмөгү
0