Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу санай баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда учурда 7 024 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 7 024 учурдун ичинен 1 897 бейтаптан коронавирус аныкталса, 5 127си пневмония менен күрөшүүдө.

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу санай баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.

COVID-19 илдетинен дарыланып жаткандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек шаары — 2 789;
  • Чүй облусу — 673;
  • Ош шаары — 577;
  • Ош облусу — 1 112;
  • Талас облусу — 143;
  • Жалал-Абад облусу — 581;
  • Нарын облусу — 128;
  • Баткен облусу — 366;
  • Ысык-Көл облусу — 655.
Жаңылыктар түрмөгү
0