Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүFlydubai авиакомпаниянын учагы. Архив
Flydubai авиакомпаниянын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттамдар боюнча үч өлкөнүн авиациялык мекемелери макулдашкан. Стамбул, Анталья жана Дубай шаарларына учуу жанданды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бүгүн, 7-августтан тарта, Кыргызстанда Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) туруктуу авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул боюнча үч өлкөнүн авиациялык мекемелери макулдашканы айтылган.

Бүгүндөн тарта төмөнкү багыттар боюнча каттамдар жанданат:

"Avia Traffic Company" авиакомпаниясы:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек (жумасына эки жолу);
  • Бишкек — Анталья — Бишкек (жумасына бир жолу);

"Turkish Airlines" авиакомпаниясы:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек (жумасына эки жолу);

"Pegasus Airlines" авиакомпаниясы:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек (жумасына эки жолу);

"FlyDubai" авиакомпаниясы:

  • Дубай — Бишкек — Дубай (жумасына бир жолу).

Авиакаттамдардын учуу убактылары тууралуу кеңири маалыматты авиакомпаниялардын сайттарынан билүүгө болот.

Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат

Жакында эле Түркия Кыргызстан менен туруктуу каттамдарды жандантууга макул экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0