Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 4 киши көз жумду

© REUTERS / Giorgos MoutafisОоруканадагы жаткан бейтап. Архив
Ооруканадагы жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дээрлик бир жарым айдай убакыт коронавирустан каза болгондордун эсеби эки орундуу сандан түшпөй келген.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Акыркы бир күндө Кыргызстан боюнча коронавирустан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Ош облусу — 1
  • Жалал-Абад облусу — 1
  • Талас облусу — 1
  • Нарын облусу — 1

Буга чейинкилерди эсептегенде аталган оору 1 451 адамдын өмүрүн алып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0