Ылдамдыкты азайтып, фара күйгүзүүнү унутпаңыз! Көлгө бара жаткандагы жол эрежелери

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа Боом капчыгайында. Архив
Автоунаа Боом капчыгайында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр көлдө эс алуу сезону. Дем алыш күндөрү шаардыктар агылып Ысык-Көлдү көздөй жөнөшөт. Мындай учурда айланма жолдо кыймыл жанданып, автоунаалар да көп болору кадыресе көрүнүш.

Айланма жолго чыкканда айрым айдоочулар зуулдата айдап, ылдамдыкты көбөйтүп, эрежени эске албаса, кээ бири чындап эле билбейт. Ошондой эле айдоочулук этиканы унутуп койгондор да бар. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Ысык-Көлгө бара жаткандагы айланма жолдун эрежелерин эске салууну эп көрдү.

Эрежелер тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берип, жолдо жүрүүдө эске алчу нерселерди да кошумчалады.

Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер

Фара күйгүзүүнү унутпаңыз. Калктуу конуштардан сыртка чыгары менен (мисалы, айланма жолдор, трассалар) бардык транспорт каражаттары фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүп коюшу керек. Жарыкты туура эмес колдонгон учурда айдоочуларга 1000 сомдон айып пул каралган.

Ылдамдык маанилүү. Калктуу конуштардан башка жерлерде, ошол эле трасса, айланма жолдо айдоочу ылдамдыкты саатына 90 чакырымдан жогору айдабаш керек. Өкмөт автомагистралда саатына 110 чакырым ылдамдык менен айдоого уруксат бергени менен өлкөдө "автомагистраль" деген аталыштагы трасса жок. Анын ичинде Бишкек — Нарын — Торугарт жолу да автомагистралга кирбейт. Анткени Транспорт жана жолдор министрлиги ага ылайык жолдогу белгилерди өзгөртүп, кеңейтиши керек. Мындан улам Ысык-Көлгө бара жаткан трассада ашып кетсе 90 чакырым менен айдоо шарт. Ал эми калк жашаган аймакка киргенде ылдамдык саатына 60 чакырымга азайтылышы керек.

Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер

Жолдогу камералар. Бишкек шаарынан чыгары менен айланма жолдо Токмок шаарына чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун үч стационардык камерасы бар. Мындан сырткары, жол кырсыктарын алдын алуу максатында ар кайсы жерде үч буттуу камералар да коюлган. Алар туруктуу бир жерде турбайт. Кырсык көп катталган жана кооптуу аймактарга коюлат.

Айдоочулук этика. Караңгыда алыс жолго чыгуу кыйын. Айрым айдоочулар көздү уялтып алыскы жарыгын таптакыр өчүрбөй өтүп кетет. Бул башка айдоочуга тоскоолдук гана жаратпастан, жол кырсыгына да кептеши ыктымал. Мындан улам каршы тилкеде келе жаткан транспорт каражатына 150 метр жакын калганда сөзсүз жакынкы жарыкты күйгүзүп коюу керек. 150 метр калганда эле алыскы жарыкты жакынкыга алмаштырбай каршы келе жаткан транспорттун да белгисин кароо зарыл. Эгер ал фараларын бат-баттан күйгүзүп-өчүрсө, демек, сиздин фара ага тоскоолдук кылып жатат. Андыктан алыскыны жакынкы жарыкка дароо алмаштырыңыз.

"Аварийка" кайсы учурларда колдонулат? Айдоочу биле жүрчү эрежелер

Жол кырсыкка кептеген учурлар. Ысык-Көлгө эс алууга баратып же келе жатып трассада кырсыктагандардын көбү ылдамдыктан алдырышат. Катуу ылдамдыкта келе жатып тосмолорду сүзүп, рулду башкара албай ала салып же жолдон чыгып кетип кырсыктагандар болот. Ошондой эле каршы тилкеге чыгып, автоунааны озуп өтүп, мас болуп айдагандар да кырсыктын себепкери жана күнөөкөрү болушат.

Автоунааны текшертүү. Бишкектеги автотейлөө борборлорунун биринин менеджери айдоочуларга автоунаа бузук эмес экенине көзү жеткенден кийин гана жолго чыгууну сунуштады. Айрыкча, темир тулпардын жүрүү бөлүгүн бир сыйра текшертип, майын, суюктук деңгээлин да бир карап коюш керек. Кошумча дөңгөлөк да салып коюуну унутпаңыз. Аны алмаштырууда жабдууларды ар кимден сурабайын десеңиз, сатып алып транспортко салып коюу ашык болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0