Улуттук статистика комитетинин башчысынын орун басары пневмониядан каза тапты

© Sputnik / Досхан НусупбековУлуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев. Архив
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошоев Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп 2019-жылдын февраль айынан тарта иштеп келе жаткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев 62 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан каза тапты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кошоев аталган кызматта 2019-жылдын февраль айынан тарта иштеп келе жаткан.

"Ал республиканын аймагында 2020-жылы белгиленген эл жана турак жай каттоо тармагын көзөмөлдөп, даярдык иштерине чоң салымын кошкон", — деп айтылат маалыматта.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам аны жүргүзүү жылдырылган.

Акыркы суткада коронавирустан 9 киши каза тапты

Аталган ведомстводон Исалиев статистика органдарында эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштагандыгын билдиришти. Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак-жай каттоо сыяктуу ири масштабдуу иш-чараларды жетектеп, 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл чарбалык каттоонун башында турган. Кыргыз Республикасынын статистика тармагынын мыктысы наамы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0