Ак кунастарды 23 жаштагы жигит аткан. Сузак милициясы сүрөттөгү жарандарды кармады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАк кунастар. Архив
Ак кунастар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин басылмалардын биринде атылган ак кунастарды кармап сүрөткө түшкөн кишилер тууралуу маалымат чыккан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы Кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан кишини кармады. Бул тууралуу ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 4-август күнү коргоого алынган ак кунастарды кармап сүрөткө түшкөн кишилер тууралуу маалымат жарыяланган.

Мындан улам Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тарабынан ак кунастарды аткандарга чара көрүү үчүн Жалал-Абад ОИИБине кат жолдонгон.

Сүрөт "Короче" телеграмм каналына коюлган.

Анын негизинде Сузак райондук милиция канаттууну аткан жаранды аныктаган.

"Окуя 30-июль күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында болгон. 23 жаштагы жергиликтүү тургун сайсыз курал менен дарыянын жээгинде учуп бараткан үч ак кунасты атып, андан кийин сүрөткө түшкөн. Кийин анын 20 жаштагы бир тууган иниси дагы атылган ак кунастарды кармап сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиКызыл китепке киргизилген ак кунастарды атууга шектелген жаран
Ак кунастарды 23 жаштагы жигит аткан. Сузак милициясы сүрөттөгү жарандарды кармады - Sputnik Кыргызстан
Кызыл китепке киргизилген ак кунастарды атууга шектелген жаран

Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

Кечээ аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 144-беренеси ("Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ал эми сайсыз ок атуучу курал боюнча акт түзүлүп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракеттери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0