Бир суткада 549 кыргызстандыктан COVID табылды

© AFP / BENOIT TESSIERКоронавируска анализ жасап жаткан лаборатория кызаткери
Коронавируска анализ жасап жаткан лаборатория кызаткери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемиядан бери өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 659га жетти. Соңку кезде күнүнө 500дөн кем эмес бейтаптан вирус аныкталып жатат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 549 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 162
  • Ош – 81
  • Чүй облусу – 38
  • Ош облусу - 71
  • Талас облусу – 36
  • Нарын облусу – 12
  • Ысык-Көл облусу – 45
  • Жалал-Абад облусу – 44
  • Баткен облусу – 60

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 659га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0