Коронавирус: Бишкектин ооруканаларында 1000ден ашык орун бош

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСтационардагы дарыгерлер. Архив
Стационардагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакыны коронавирустан жабыркагандар эң көп орунду "Ганси" менен №1 шаардык клиникалык ооруканадан таба алышат. Ошондой эле Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында орун көбүрөөк.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Борбор калаанын ооруканаларында коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1034 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымат бүгүн, 6-август, саат 8.00гө карата берилген.

  • Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы — 115;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 42;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • Темир жол ооруканасы — 14;
  • Улуттук хирургия борбору — 18;
  • Улуттук госпиталь — 60;
  • Таш-Дөбө айылындагы (Воронцовка) санаторий — 114;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 131;
  • "Гансидеги" оорукана — 217;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 64;
  • Республикалык наркология борбору — 105;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 86;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 51;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 12.
Жаңылыктар түрмөгү
0