1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги алмашканына аз эле убакыт болду. Аталган кызматка июнь айында ЖКнын мурдагы депутаты, экс-вице-мэр Элмира Иманалиева келген.

Жаңы окуу жылын утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги билим берүү башкармалыгын тизгинин кайрадан колго алган жаңы жетекчи менен маек курду. Иманалиева окуу жылына даярдык, системадагы көйгөйлөр жана алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү.

— Жетекчилик кызматка оңой эмес учурда келдиңиз. Эми жаңы окуу жылы да башталайын деп калды, иш кызуу жүрүп жатса керек?

— Жумуш азыркы учурда чынында эле көп. Кээде минтип кечке чейин калып иштегенге туура келип жатат. Пандемия көп планды бузду. Бир топ убакытка чейин аралыктан иштөөгө туура келди. Заманбап технологиянын жардамы менен кызматкерлер, жетекчилик менен байланышта болуп иштеп жаттык. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги менен дайыма онлайн-жыйындар өтүп турду. Маанилүү маселелер ушундай жол менен чечилип жатты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы окуу жылын утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги билим берүү башкармалыгын тизгинин кайрадан колго алган жаңы жетекчи менен маек курду.
1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жаңы окуу жылын утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги билим берүү башкармалыгын тизгинин кайрадан колго алган жаңы жетекчи менен маек курду.

— Билим берүү жана илим министрлиги 1-чейректе окуучулар аралыктан окуй турганын айтты. Бишкек шаарынын мектептеринде аралыктан окутууга даярдыктар кандай жүрүп жатат?

— Жаңы окуу жылына даярдыктар өзгөчө кызуу жүрүүдө. Пандемиядан улам айрым мектептер стационарга айланган. Кудай жалгап оорулуулардын саны азайып, билим берүү жайлары кайрадан окуу жылына даярдана баштады. Мектептердин курулуш, ремонт иштерине шаардык бюджеттен жана Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 100 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражатка айрым мектептерге кошумча корпустар салынып, ремонт иштерине керектелүүдө. Алсак, №12, №18, №16, №54, №69, №59, №11 мектептерге кошумча корпустар курулуп жатат. Кээ бири сентябрга чейин ишке берилип калат. Мындан сырткары, 88 билим берүү жайына майыптыгы бар балдар үчүн пандустар да салынууда. Ошондой эле видеосабактар да тартылып жатат.

— 1-класстар кандай тартипте окуп калышат?

— 1-класстардын маселеси көпчүлүктү ойлонтту. Бул боюнча ата-энелерден дагы абдан көп кайрылуу келип түштү. Аларды туура түшүнсө болот. Анткени бала буга чейин окутуу процессине көнгөн эмес. Мугалим алар менен бетме-бет жолугуп сабак өтпөсө кыйын болуп калат.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында эксперттерден турган топ түзүлгөн. Алар 1-класстарды окутуу тартиби боюнча маселени анализ кылып жатышат. Менин оюмча, августтун ортосунда бир чечимге келишет.

Интернеттин сапатын жакшырталы! Өкмөт аралыктан окутуунун шарттарын кароодо

— Аларды окутуу боюнча болжолдуу сценарий барбы?

— Ооба, бул боюнча ар кандай варианттар каралып жатат. 1-класстын балдары эки топко бөлүнүп окуп калышы ыктымал. Мисалы, бир класста 30 бала болсо, алар 15тен экиге бөлүнүп отурушат. Бир күн мектептен, бир күн үйдөн окуп калышы мүмкүн. Ошондо мектепке жумасына эки же үч жолу эле барышат. Аларга эң негизги сабактар гана өтүлүп, сүрөт, музыка деген предметтерди кошпой кое туруу каралууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлмира Иманалиева: 1-класстын балдары эки топко бөлүнүп окуп калышы ыктымал. Мисалы, бир класста 30 бала болсо, алар 15тен экиге бөлүнүп отурушат. Бир күн мектептен, бир күн үйдөн окуп калышы мүмкүн
1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек - Sputnik Кыргызстан
Элмира Иманалиева: 1-класстын балдары эки топко бөлүнүп окуп калышы ыктымал. Мисалы, бир класста 30 бала болсо, алар 15тен экиге бөлүнүп отурушат. Бир күн мектептен, бир күн үйдөн окуп калышы мүмкүн

— Сентябрдан баштап ата-энелердин көбү жумушка чыгат. Бул учурда балдарын таштаганга адам жок кыйналып калышы мүмкүн. Бакча маселеси да чечилип жатабы?

— Өлкөдө эпидемиологиялык абал кыйындап кеткендиктен, бакчалар 6-июлда жабылган. Кечээ жакында эле бул маселени талкуулап чыктык. Биз ата-энелердин каалоосуна жана муктаждыгына карайбыз. Ал үчүн ар бир бакча анализ жүргүзүп, ата-энелер менен байланышат. Абдан муктаж болгон бакчалар ачылат. Эгерде 1-сентябрда кырдаал турукташып калса, анда баары эле иштей баштайт. Буга кошумча, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун да уруксаты керек. Мектепке чейинки жайлар иштей турган болсо, ар бир кызматкери коронавируска кайрадан анализ тапшырып чыгат. Алардын баары таза экенине көзүбүз жеткенден кийин гана ачабыз.

— Ушул эле системаны 12 жыл мурда башкарып кетиптирсиз. Жумуштан кетип калууңузга эмне себеп болду эле?

— Вице-мэр болуп дайындалып калгандыктан, Билим берүү башкармалыгын аз эле убакыт жетектеп калдым.

— Мурдагы кызматка кайрадан сунуш түшкөндө кандай кабыл алдыңыз?

— Чынын айтсам көпкө ойлондум. Анткени башка долбоорлор менен иштеп жүргөм. Бирок кайра "эмнеге болбосун, мен билген системада кайрадан иштеп көрөйүн" деп чечтим. Сынактын үч этабынан тең өтүп, катардагы кызматкерлердей эле жумушка алындым.

— Системага жаңылык киргизип өзгөртүү боюнча кандайдыр бир пландарыңыз болсо керек.

— Эң негизги планым — билим берүү тармагында бирдиктүү платформа түзүү. Башкача айтканда, шаардагы билим берүү системасын бириктирген платформа болушу керек. Азыр бул процесс боюнча иштеп баштадык.

Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым

— Ал платформа кандай кызматтарды аткарат?

— Мисалы, ушул эле платформанын жардамы менен акысыз онлайн-жыйындарды өткөрөбүз. Карап көрсөңүз, Zoom тиркемесинде чектөө бар, 40 мүнөттөн ашык сүйлөшсөң акы алып баштайт. Whatsapp тиркемесинде андай кызмат жок. Бул платформага мектеп, билим берүү жайларынын статистикалык маалыматтары эле жарыяланбастан, мугалимдердин рейтингин да жүргүзөбүз. Ошондой эле мектептерге каржы кайдан келип, эмнеге жумшалып жатканын да көрө алабыз. Биринчи этапта бардык мектептерди бириктиребиз. Андан соң бала бакчаларды кошобуз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлмира Иманалиева: вице-мэр болуп дайындалып калгандыктан, Билим берүү башкармалыгын аз эле убакыт жетектеп калдым.
1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек - Sputnik Кыргызстан
Элмира Иманалиева: вице-мэр болуп дайындалып калгандыктан, Билим берүү башкармалыгын аз эле убакыт жетектеп калдым.

— Бишкектин мектептеринде окуучулар көп, орун жетишсиз. Бул маселени кантип чечсе болот дейсиз?

— Бул маселени жаңы мектептерди куруу менен гана чече алабыз. Негизи ички миграция, демография өсүп, шаар чоңоюп жатат. Орун жетиштүү болуш үчүн дагы 36 мектеп салынышы керек. Жаңы конуштарга сегиз мектеп курулушу күтүлүүдө. Мэрия жакында эле мектеп курууга жер үлүштөрүн бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Анын негизинде Арча-Бешик, Ак-Ордо, Рухий Мурас, Алтын-Ордо, Көк-Жар, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Бугу-Эне жаңы конуштарына сегиз мектеп салынат. Мындан сырткары, 14 конушта бала бакча пайда болот. Курулуш иштери качан башталары азырынча белгисиз, бирок жер маселеси чечилди.

— Бишкекте ата-энелер фонду боюнча да нааразы пикирлер айтылып келет. Талаш-тартыш көп. Ата-энелер фондун калтырыш керекпи же жоюу зарылбы? Сиздин жеке оюңуз.

— Баланы окутуу ишине бир гана билим берүү системасында иштегендер эмес, ата-энелер да тартылышы керек. Алардын жардамы, көмөгү жок окуучуну тарбиялай албайсың. Ата-энелер фонду балдары билим алган мекемеге колдоо көрсөтүү максатында түзүлөт. Ошондуктан юридикалык жактан алганда биз аны жаап кое албайбыз. Болгону акча чогултуу процесси жана каражаттын кандай сарпталып жатканы ачык болушу шарт. Аны ошол фонддун жетекчилери уюштурушу керек. Ата-энелер фонду билим берүү тармагы үчүн чоң жардам кылып жатат.

— Демек, бул фонд керек деп ойлойсузбу?

— Керек деп так кесе айта албайм. Менин оюмча, азыр билим берүү тармагы ага муктаж. Билим берүү системасы толук кандуу каржылана баштаганда гана андан баш тартса болот. Чогулган акчаны туура бөлүштүрүү, ата-энелерге отчет берип туруу мектеп жана фонддун жетекчисине байланыштуу.

Бишкекте 1-класстын окуучулары кандай тартипте окуйт? Башкармалыктын жообу

— Атаңыз Сансызбай Иманалиев белгилүү филолог болгонун, бир туугандарыңыз да коомдук, саясий ишмерлер экенин билебиз. Үй-бүлөңүз тууралуу азыноолок сөз козгоп кетсеңиз.

— Бир кыз, бир уулум бар. Экөө тең мектепти эбак бүткөн. Катардагы эле муниципалдык мектептен окуп, жогорку билимди да жергиликтүү окуу жайлардан алышкан. Жөнөкөй эле үй-бүлөбүз. Улуу агам дипломат болгон. Азыр пенсияга чыгып эс алууда. Ата-энем абдан жакшы кишилер, мыкты үй-бүлөдөн чыккам десем да болот. Атам университетте сабак берчү, апам педагогика инстутутунда мугалим болуп иштеди. Алар бизге терең билим, жакшы тарбия беришти. Жыйынтыгында жаман чыккан жокпуз (күлүп).

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлмира Иманалиева: орун жетиштүү болуш үчүн дагы 36 мектеп салынышы керек. Жаңы конуштарга сегиз мектеп курулушу күтүлүүдө.
1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек - Sputnik Кыргызстан
Элмира Иманалиева: орун жетиштүү болуш үчүн дагы 36 мектеп салынышы керек. Жаңы конуштарга сегиз мектеп курулушу күтүлүүдө.

— Пандемия жашооңузда эмнени өзгөрттү?

— Пандемия жашоого башкача көз карашта кароо керек экенин, баалуулуктарды барктай билүүгө үйрөттү. Биз бар нерсени баалабай жүрө берчү экенбиз. Азыр антпей калдык. Эмне болсо ошону баалап, барктай биле баштадык. Эң башкысы, ден соолук баарынан кымат экенин көзгө сайып көрсөттү. Бакыт үчүн көп нерсенин кереги жок. Ата-энең, досторуң, балдарыңдын жаныңда жүрүшү чоң бакыт. Бат кабы жок жөн эле көчөгө чыгып таза абадан дем алгандын өзү бакыт экенин түшүндүк.

Тилекке каршы, пандемия учурунда шаардын билим берүү тармагы 14 кызматкеринен айрылды. Алардын ичинен бирөө мектептин директору жана бир бала бакчанын башчысы эле. Калганы мугалимдер жана бала бакчаларда тейлөө кызматында иштегендер. Алардын жакындарына компенсация төлөп берүү маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0