16:22 18 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Коом
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында беттештерге күйөрмандар киргизилбейт. Мелдеш "Кыргыз Спорт Тв" каналынан түз алып көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты, Шоро Премьер-лигасы 7-августтан жанданат. Бул тууралуу Кыргызстан футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.

Чемпионатты баштоого Жаштар иши, дене тарбия жан спорт мамлекеттик агенттиги өкмөттүн спорттук иш-чараларды этап-этабы менен жандантуу боюнча токтомун эске алуу менен макулдук берген.

"Эпидемиологиялык абалга байланыштуу КФСтин Аткаруу комитети тарабынан мелдешти эки айлампада өткөрүү чечими кабыл алынган. Бардык беттештер Кант шаарындагы оюн талааларында өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Футбол: кыргыз премьер-лигасында 8 команда калды

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында беттештерге күйөрмандар киргизилбейт. Мелдеш "Кыргыз Спорт Тв" каналынан түз алып көрсөтүлөрүн КФСтен кошумчалайт.

Эскерте кетсек, өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кеткенине байланыштуу футболдук мелдештер март айында токтотулган.

Тема боюнча

Муролим Ахмедов "Нефтчи" футбол клубунун намысын коргойт
Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси
Белгилер:
карантин, коронавирус, жандануу, футбол

ЭҢ МААНИЛҮҮ