Бишкекте 1-класстын окуучулары кандай тартипте окуйт?  Башкармалыктын жообу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОкуучулар мектепте. Архив
Окуучулар мектепте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иманалиева чечим толук чыкмайынча ата-энелерге балдарына мектеп формасын алып бербей кое турууну сунуштады.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте 1-класстын балдарын окутуу тартиби боюнча чечим август айынын ортосунда кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева  Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган онлайн-брифингде билдирди.

"1-класстардын маселеси көпчүлүктү ойлонтту. Бул боюнча ата-энелерден дагы абдан көп кайрылуу келип түштү. Аларды түшүнсө болот. Анткени балдар мектепке, окутуу процессине көнгөн эмес. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында эксперттерден турган топ түзүлгөн. Алар 1-класстарды окутуу тартиби боюнча маселени анализ кылып жатышат. Менин оюмча, августтун ортосунда бир чечимге келишет", — деди Иманалиева.

Ал чечим толук чыкмайынча ата-энелерге балдарына мектеп формасын алып бербей кое турууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0