WhatsApp жаңы функцияны ишке киргизип жатат

© REUTERS / Thomas White / File PhotoWhatsApp тиркеменин логотипи. Архив
WhatsApp тиркеменин логотипи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы функция менен топтук чаттарда жөнөтүлгөн жана көп жолу кайра даректелген SMS тууралуу кошумча маалымат алууга болот.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. WhatsApp байланыш каражатынын иштеп чыгуучулары тиркемеге жаңы функция киргизишти, ал жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул туурасында  РИА Новости жазды.

Жаңы функция менен топтук чаттарда жөнөтүлгөн жана көп жолу кайра даректелген SMS тууралуу кошумча маалымат алууга болот. Билдирүүнүн жанында атайын белги (лупа) пайда болот. Аны басуу менен билдирүүнүн текстин Google издөө тутумуна жиберүү мүмкүн. Муну менен смартфон колдонуучу бул тема боюнча жаңылыкты же маалыматтын башка булагын таап ала алат.

Трамп бүгүн Америкада популярдуу TikTok тиркемесине тыюу салышы мүмкүн

Фактыларды текшерүү функциясы АКШ, Улуу Британия, Испания, Бразилия, Мексика, Италия, Ирландияда WhatsApp каражатынын акыркы үлгүлөрүндө iOS жана Android башкарган түзмөктөрдө ишке киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0