Аялдардын чачы эмне себептен түшөт? Адистин пикири

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКоопсуз бет капчан сулуулук салондун ишкери кардар менен. Архив
Коопсуз бет капчан сулуулук салондун ишкери кардар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, бир күндө жүз тал чач түшсө эч нерсе болбойт. Бирок кескин суюла баштаса, ага башка нерселер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Диетолог жана нутрициолог Яна Фрай аялдардын чачы кандай себептерден улам түшө турганын айтып берди. Адистин пикири жана кеңештери РИА Новостиге жарыяланган.

Фрайдын айтымында, бир күндө жүз тал чач түшсө эч нерсе болбойт. Ал катардагы иш. Бирок андан да суюла баштаса, ага башка нерселер себеп болушу ыктымал.

"Эгер чач тамыры жок эле түшүп жатса, анда бул ага туура эмес кам көрүлүп жаткандагы белги. Балким буга чейин күйгүзүп же үтүк, фен көп колдонгон чыгарсыз. Мындай учурда азыктандыруучу маскалар жардам берет", — деген адис.

Чач тамыры менен түшүп жатса, анда ага төмөнкү факторлор себеп болушу ыктымал:

Темирдин жетишсиздиги. Мындай учурда рационго буурчак, жасмык, уй этин жана жалбырак жашылчаларын (капустанын түрү) кошуу керек.

Жездин жетишсиздиги. Бул — чачтын өсүүсүнө керектүү маанилүү микроэлемент. Ал жетишсиз болсо чач түшүп, эрте эле ак баса баштайт.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Гормондор дисбалансы. Гормондор дисбалансын туура тамактанып, салмакты калыбына келтирүү менен оңдосо болот.

Белок жетишиздиги. Организмде белок аз болсо да чач түшөт. Ал ашказан согунун кычкылы азайып кетип, боордун иштөөсү начарлаганда жетишсиз боло баштайт.

Тишке кам көрчүлөр стоматологго үч айда бир көрүнүшү керек. Адистин кеңеши

Стресс. Адистин айтымында, стресс учурунда бөйрөктүн үстүндөгү без кортизол гормонун бөлүп чыгарат. Ал чачты жылтырак, коюу, жылмакай кылып турган белок менен гиалурон кычкылын эзип салат.

Цинк жана кремний жетишсиздиги. Цинк минералы организмде аз болгондо теринин пигментациясы бузулуп, майда жаралар пайда болот. Ошондой эле адам бат-бат тумоолоп калат. Ал эми кремний жетишсиз болсо териге бырыш эрте түшүп, чач жана тырмак жукарып, сына баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0