Шаршембиге карата аба ырайы

© Фото / Геннадий ЗакировШамси капчыгайы. Архив
Шамси капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эртең, 5-августта, Кыргызстанда күн 36 градуска чейин ысый тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Көп аймактарда күндүз ала булут каптап турат. Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Таласта +28…+33, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22…+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада күндүн табы +33...+35, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0