Бишкек: кайсы медицина мекемелери оңдолуп жатат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКуруучулар Бишкектеги оорукананы оңдоп-түзөө учурунда. Архив
Куруучулар Бишкектеги оорукананы оңдоп-түзөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө  иштери жай айлары менен чогуу аяктамак, бирок пандемия шартына ылайык кечигүүлөр болуп, каражат болор замат жасалып жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Быйылкы жылдын эсебинен Бишкек мэриясы борбор калаадагы тогуз медициналык мекемени оңдоп-түзөөнү пландаган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, ремонт иштери жай айлары менен чогуу аяктамак, бирок пандемия шартына ылайык кечигүүлөр болуп, каражат болор замат жасалып жатат.

Кайсы мекемеде оңдоо иштери болуп жатат:

  • Бөкөнбаев көчөсү, 137 дарегиндеги Кургак учукка каршы шаардык борбордун чатыры оңдолуп бүттү;
  • Тез жардам кызматынын (дареги Исанов көчөсү, 105) имаратында көп жылдан бери биринчи жолу капиталдык ремонт жасалды. Учурда имараттын алды жана чатыры оңдолуп жатат;
  • Фучик көчөсү, 15 дарегиндеги №1 шаардык клиникалык оорукананы жылуулап, сыртын сырдоо пландалган. Иштин 30 пайызы бүттү;
  • №6 шаардык клиникалык оорукананын ашканасы оңдоло баштады;
  • Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун имаратын толугу менен жасалгалоо иштери жүрүп, 70 пайызга аяктады;
  • №1 төрөт үйүндө көз жаргандар көп болуп жаткандыктан имарат бошобой, оңдоп-түзөө иштери баштала элек;
  • Сүйөркулов көчөсүндөгү балдардын сүт азыктарын даярдоо ашканасында оңдоп-түзөө иштеринин 50 пайызы аяктады;
  • Бишкек шаардык Саламаттык сактоо башкармалыгынын диспетчердик пунктунун имаратын оңдотуу үчүн тендер 10-августта жарыяланат;
  • Горький көчөсү, 1 дарегиндеги автобазада оңдоп-түзөө иштери баштала элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0