Кыргызстанда кечээ коронавирустан 816 адам айыкты

Жазылуу
Белгилей кетсек, өкмөт "Семетей" стационарын ("Ганси") жугуштуу илдеттер ооруканасы кылууну пландап жатат. Аталган жай алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча 816 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 217;
  • Чүй облусу – 93;
  • Ош облусу – 56;
  • Талас облусу – 64;
  • Нарын облусу – 20;
  • Ысык-Көл облусу – 110;
  • Жалал-Абад облусу – 158;
  • Баткен облусу – 59;
  • Ош шаары – 39.

Жалпылап алганда, Кыргызстанда 28 743 адам коронавирусту жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0