Бишкектеги базарлар кайсы күндөрү жабык болот? Иштөө графиги

© Sputnik / Табылды КадырбековОш базарындагы кардарлар. Архив
Ош базарындагы кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардагы базарлардын ичинен автотетиктерди саткан "Кудайберген" базары гана жабылбай иштей берери айтылды. Бирок аталган соода жай дезинфекцияланып турат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мэрия борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал дагы эле оор бойдон экенин айтып, базарлар дезинфекцияланып жатканын кабарлады.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, тазалоо, дезинфекциялоо иштерине байланыштуу базарлар жана соода жайлар аптасына бир күнгө жабылат.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

Дезинфекцияга жабыла турчу базарлардын тизмеси:

  • Дүйшөмбү — "Дордой", "Аламүдүн", "Орто-Сай", "Сары-Өзөн", "Эталон", "Алкан", "Элит строй", "Ак-Суу", "Кербен", "Евразия", "Алтын-Тоо", "Делюкс", "Алдаяр", "Строймаркет", "Таш-Рабат 1,2", "Техномаркет" соода жайлары;
  • Шейшемби — "Ак-Эмир", "Үйгө жарашык", "Ыйман", "Ярмарка", "Мега комфорт", "Аалам", "Чолпон", "Шар-Чебер", "Көк-Сай" базарлары;
  • Шаршемби — "Курама-сан" ("Чынар"), "Мадина", "Таалай" базарлары;
  • Бейшемби — "Бабакан" жана "Улар" соода жайлары;
  • Жума — "Азиз", "Дордой дыйкан" базарлары ;
  • Жекшемби —"Ош-базары", "Уста", "Баткен" жана "Комфорт-KG" базарлары жабык болот.

Ал эми автотетиктерди саткан "Кудайберген" базары жумасына үч ирет —шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү таңкы саат 6дан 10:00гө чейин дезинфекцияланат. Бирок базар жети күн катары менен жабылбай иштей турганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0