Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири

© AP Photo / ROMEO GACADМедициналык маска кийген окуучу. Архив
Медициналык маска кийген окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин пикиринде, балдардын иммунитети “жаңы” болгондуктан антителолор бат иштелип чыгат. Ошондой эле балдарда өнөкөт оорулар жок. Ал тургай онкологиялык же жүрөк оорулары бар балдар дагы COVID-19га жакшы туруштук берет.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Балдар коронавирусту айрым чоңдорго караганда алда канча жеңил көтөрөт. Бул тууралуу педиатр Мухабат Касымова “Дарыгерге сөз” берүүсүндө айтты.

Анын пикиринде, балдардын иммунитети “жаңы” болгондуктан антителолор бат иштелип чыгат. Ошондой эле жаш балдарда өнөкөт оорулар жок. Ал тургай онкологиялык же жүрөк оорулары бар балдар дагы COVID-19га жакшы туруштук берет.

"Балдарда вирустун белгиси чоңдордукундай эле. Дене табы көтөрүлөт, мурду бүтөт, жөтөлөт, кээде кусат. Бирок кускан сайын абалы жеңилдеп, дене табы калыбына келет. Бул коргонуу механизми”, — деди Касымова.

Ошондой эле адис айрым учурда энеси кош бойлуу кезде коронавирус менен ооруп сакайса, бала антитело менен төрөлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0