Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги

© AP Photo / Pavel GolovkinОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улукбек Жоомартов "Семетей" (эл арасында "Ганси" деген ат менен белгилүү) базасындагы "кызыл зонада" 18 күн иштеп чыкты. Дарыгер ал жакка алгачкылардан болуп өз ыктыяры менен жазылган. Күбө болуп, көргөндөрүн айтып берди.

Бир топ жылдан бери медициналык көйгөйлөрдөн козгой калем шилтеп келе жаткан Улукбек Жоомартов менен Sputnik Кыргызстандын бүтүндөй редакциясы сыймыктанат.

Улукбек биринчилердин болуп "кызыл зонага" ыктыярдуу түрдө жазылат. Аны дароо бейтаптарды дарылоого чакырышкан. Белгилей кетсек, анын кезметинде бир дагы адам үзүлгөн эмес!

© Фото / Улугбек ЖоомартовМедик Улугбек Жоомартов
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Медик Улугбек Жоомартов

— Кандайча "Кызыл зонада" ыктыярчы врач болуп иштеп калдыңыз?

— Чакырык ташталары менен эле ниетимди билдирдим. Ыктыярчы болгум келерин айтсам, эртеси эле күнү камынууну буюрушту.

— Бул ишке саламаттыгыңыз жол берерин эч ким текшерген жокпу?

— Ушундай жүктү көтөрө аларыбызды сурашты. Мен туруштук бере аларымды айттым. Эч кандай текшерүү болгон жок, бирок биз врачпыз да, кандай ооруларыбыз бар экенин билебиз.

— Кандай нерсеге туш келе турганыңызды билген белеңиз?

— Ачыгын айтканда, трагедия мынчалык масштабда болорун элестеткен эмес элем. Алда канча жеңил болот деп ойлогом. Обсервацияга келдим, жайгаштым. Биздин корпустун жанында эң зарыл деген дары-дармек, системалар салынган кутулар аябай көп эле. Ашыкчадай сезилген, анткени экинчи кабатта 60 орундун 30унда гана киши жаткан. Баары көзөмөлүбүздө эле, бирок бир маалда бейтаптар агылып келе баштады. Ушунчалык, үрөй учурарлык көп эле.

Корпустун жанында дайым 3-4 тез жардам автоунаалары турду. Иш башталардан үч саат өтпөй үстүңкү кабат толуп калды. Ошону менен катар биз кимдин абалы жеңил, ким оор абалда экенин аныктоого тийиш элек, бул оңой-олтоң болбоду. Баары эле колуна анализ кармап келбеди.

Обсервация — бул талаа госпиталы сымал, лаборатория каралган эмес. Башта жандандыруу бөлүмү да жок болчу. Анткени орточо оор абалдагы бейтаптарды кабыл алууга багытталгандыктан, алардын илдети анчалык өтүшүп кетери ойго келген эмес. Мамлекет таптакыр даярданбаптыр дегенге болбойт, заматта илдет күч алып, тозокко айланып кетерин эч ким күтпөгөн.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

— Жеке коргонуу каражат жагы кандай чечилди?

— Абдан жакшы, эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган каражаттар болчу. Ошого карабастан абдан ысып, чылпылдай тердейт экенсиң. Аны 12 саат кийип алып иштедик. Бет кап, көз айнектер бетибизди аябай кысып, желиминен из калат. Антпесин деп кулагыбызга, мурдубуздун үстүнө аялдардын гигиеналык каражатын чаптап алып жаттык.

Айрым учурда жеке коргонуу каражаттары жагынан да көйгөй жаралып жатты, бирок бардык кызматтар ошондой кырдаалда иштешти. Бизге эл жардамга келди. Мисалы, журналист Кристина Босивская эмне керек экенин баракчасына жазып чыкты, эл бизге бардык зарыл нерселерди, гигиеналык каражаттарга чейин алып келип берип жатышты. Биринчи корпуста иштедик, акырындап керектүү нерсенин баары менен камсыздалдык. Кийинчерээк ачылган корпустарда эмне болгонунан кабарым жок.

— Врачтар нөөмөтүндө суу да ичишпегенин, анткени коргоочу костюм менен дааратканага да барыш машакаттуу экени чынбы?

— Биз эч жакка жетишпей жаттык! Улам бирөөнү сактап калуу, тамчылатма ийне коюу керек эле. Суу ууртап алуу деле ойго келбейт. Нөөмөттөн кийин гана костюмду чечип, бир литр сууну жутуп аласың.

© Фото / Улугбек ЖоомартовМедик Улугбек Жоомартов
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Медик Улугбек Жоомартов

— Эл "обсервацияга да өзүңдүн кычкылтек концентраторуң менен келишиң керек экен" деп наалып жатышты...

— Башында бизде мыкты 6 концентратор болгон, алгач жетиштүү эле. Себеби сатурациясы төмөн оор абалдагы бейтаптар аз болчу. Бир маалда бейтаптардын көбүнүн абалы начарлап, концентраторлор жетпей калды. Бир бейтапка эки, ал түгүл кээде үч кычкылтек концентраторун туташтырууга аргасыз болдук. Ошентип гана тийиштүү көлөмдө кычкылтек менен камсыз кылып жаттык. Бейтаптар өздөрү концентраторлор менен келе башташты, донорлор, Саламаттык сактоо министрлиги, Чүй облустук ооруканасы алып келе баштады, ошентип  абал турукташты. Балким башка корпустарда таптакыр тартыш болгондур. Чындап жетишсиз болгону –  медициналык таза кычкылтектин жоктугу.

— Жасалма дем алдыруучу аппаратпы?

— Жок, азыр түшүндүрүп берейин. Бейтаптарыбыздын көпчүлүгүндө оор респиратордук синдром болду, бул – өпкөнүн 50, балким 75 пайызга жабыркашы. Мындай учурда калган альвеолалар (исиркектер) канды кычкылтек менен кандырууга тырышат, анын көлөмү канчалык көп болсо, алар бул милдетти ошончолук жеңил аткарып кетишет.

Биз дем алган кадимки абада кычкылтектин 21 пайызы бар. Бир концентратор аны эки эсеге көбөйтөт. Ал эми медициналык кычкылтек — эң тазасы, 90 пайыздан ашыгы жеңил сиңирилет.

Жасалма дем алдыруучу аппарат — бул таптакыр бөлөк. Ал өз алдынча таптакыр дем ала албай калгандарга керектелет. Андайда биз бейтапты жасалма комага киргизебиз, анын ордуна аппарат дем алат.

— Тамак-аш жагынан маселе жаралган жокпу?

— Жок, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күнүнө үч ирет тамак алып келип жатты, бейтаптарга эмне берилсе, биз да ошол  менен азыктандык. Тамак-аш ушунчалык көп, биз аны жеп да үлгүрбөй жаттык. Жүк ташуучу автоунаалар максым алып келип жатты, ишканалардын бири суу диспенсерлерин орнотту.

Биздин корпуста ар бир эки бейтапка бир даараткана жана чайкануучу бөлмө каралган, бул талаа госпиталы үчүн жаман эмес.

Термометрлерден да кыйналдык, башта контактысыз өлчөгүчтөрдү пайдаланып жаттык. Бирок алар аябай жаңылтып, чаташтырды. Кийин сымаптуу термометрлерди алып келишти.

Башынан эле пульсоксиметр тартыш болчу. Төрт врачка бирөө бөлүнгөн, бошоп-бошобогонун аңдып жүргөндөй эле болдук. Алар менен да камсыз кылышты.

Мен өзүм иштеген биринчи корпус туурасында кеп кылып турам. Башка корпустар өтө чукул ачылып жатты, балким ал жактарда жагдай башкача болгондур.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

— Бейтаптар дүрбөлөңгө түштү дешке болобу?

— 50 кишиден 10-15и аябай коркту, ал түгүл катуу дүрбөлөңгө түштү. Элестетиңиз, бейтаптын сатурациясы капысынан 30га чейин төмөндөп кетет, өлүп баратканын, туугандары менен коштошушу керектигин айтып кыйкырат. Бирок кайра басылып, сатурациясы кычкылтек концентратору жок эле өзүнөн өзү 95ке чейин көтөрүлөт.

Бир учурду айтып берейин. Карыяны алып келишти бизге. Өзү эч жакка баргысы жок, туугандары күчкө салып алып келишет. Жатат, жылмайып коет, абдан жайдары. Абалын сурасак: "Баары сонун, Баунти аралындагыдай", – деп жооп берет.

Биз анын өпкөсүнүн компьютердик томографиясынын жыйынтыктарын көргөнүбүздө үрөйүбүз учту, өпкөсүнүн 75 пайызы жабыркаптыр! Андай көрсөткүчтөр менен бейтап жандандыруу бөлүмүнө түшөт же кетип калат... Ал кишини эмне гана кылбадык, туура жатууга мажбурладык, катетерлерди койдук, кайра-кайра тамчылатка койдук, үчтөн концентраторго туташтырдык. Бир нече сутка уктаган жок, бирок дайым сергек, абалы Баунти аралындагыдай экенин кайталайт.

Азыр ал кычкылтек концентратору жок эле жүрөт, сатурациясы 62ден 85ке чейин көтөрүлдү. Мына ушундай шатыра-шатман бейтаптар тезирээк айыгат.

© Фото / Улугбек ЖоомартовМедик Улугбек Жоомартов
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Медик Улугбек Жоомартов

— Колуңуздан үзүлгөн бейтап болгон жокпу?

— Менин нөөмөтүмдө эч кимди жоготкон жокпуз! Бир жолкусунда гана баарыбыз биргелешип бир адамды куткарууга аракет кылдык. Жарым сааттай алыштык, бирок сактап кала албадык. Менин бейтабым эмес эле, бирок анын көздөрү аябай чарчаңкы эле... Ал киши азап чекти, деми кыстыгып, көздөрү менен сактап калууга жалбарып турду. Бирок өпкөсүнүн соо жери калбаптыр.

— Өзүңүз ажалга алдырып коем деп чочулаган жоксузбу? Коронавирус улгайгандарды гана алып кетет деген куру сөз тура. Канчалаган жаштар өтүп кетти...

— Эч кимде андай коркунуч болгон жок, себеби баарыбыз коргоочу костюм кийип жүрдүк.

— Коронавирус менен өзүңүз ооруп айыктыңызбы?

— Ооруп-оорубаганымды билбейм. Азыр карантиндемин, 118ге чалдым. Алар төрт күндөн бери эле "келе жатышат". Бул кадыресе фарингит эле окшойт, иште костюмчан аябай ысыйсың. Сыртка түндө чыгасың, костюмду чечсең, аба салкын. Ошентип эле суук тийип калды окшойт.

— Дары издеп, шаардыктардын таманы тешилди. Ал эми медикаменттер көмүскө 2-3 эсеге кымбат сатылды. Бир үй-бүлөнүн акыркы акчасы сарптала турган препараттарды жазыш канчалык кыйын болду?

— Дары-дармектердин айрымдары, мисалы, гепарин, левофлоксацин, цефтриаксон, физраствор, Рингер эритмеси колубузда болгон. Көпчүлүк үйүндө дарыланып, антибиотик ичүүгө аргасыз болду. Андан улам инфекция дарыларга көнүп алды, андан күчтүү препараттарды алууга туура келди. Туугандары аларды өз эсебинен сатып алып жатышты.

Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок

— Шаар түп көтөрүлө баасы асман чапчыган актемраны издегенине таң калдым.

— Бул иммунодепрессант, негизинен онкологияда пайдаланылат, россиялык медициналык протоколго камтылган. Бирок ал жакта аны акысыз беришет, бизде сатып алууга туура келет. Актемра бизде башынан эле аз болчу. Мурда 20-25 миң сом турса, көз ачып-жумганча анын баасы 50-70 миңге чыкты. Эгер чынын айтсак, биз аны бейтаптарга жазган жокпуз, анткени кыйыр кесепеттери көп.

Дексаметазон менен дарыланып келгендер да бизди түйшүккө салды. Бул дарыны ичүүдө абдан этият болуу абзел, ал анализдердин жыйынтыгына жараша гана колдонулат. Ал эми бизде лаборатория жок. Кантип ойлонбой аны сая бердик? Дексаметазон аутоиммунндук процесстин башталышында, бирок оор респиратордук синдромдор болгондо гана жакшы таасир этет. Аны пайдалануу чечимин реаниматолог кабыл алууга тийиш. Тилекке каршы, бизде бир убакта бардык жерде ушул препаратты жаза башташты.

Дагы бир өтө начар препарат — эуфиллин. Албетте, бул альвеолаларды жакшы ачат, карышууну жандырат, кычкылтектин каныгышы жогорулайт. Бирок ошол эле учурда кан басымы төмөндөп, өпкөгө суу толуп кетет. Бул канчалык кооптуу экенин түшүнүп турасызбы? Мында врач бейтаптын абалына кылдат карап, "көбүктү басып", өпкөнү "кургатып" турууга тийиш.

© Sputnik / Актан ТемиркановРабота пункта госпитализации "Семетей" близ Бишкека
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Работа пункта госпитализации "Семетей" близ Бишкека

— "Кызыл зонада" иштеген врачтарга төлөп беришеби?

— Ооба, ишке төлөнөт дешти. Бирок мен ал жакка акча үчүн барган жокмун. Бул жагымдуу кошумча, "кызыл зонада" иштеген ар бир суткага – 3 миң сом, эгер карантинде эмгектенсең – 900 сомдон төлөнөт сыяктанат.

Аныгында бул акча компенсация катары, анткени көпчүлүк дарыгерлер дарыланууга тийиш. Мисалы, мен иммунитетти күчтөндүргөн дарыларды сатып алдым.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

— Жакында эле интернетте бир тасма тарады. Анда медициналык билими жок эле киши көчөлөрдүн дезинфекциясы ооруга себеп болушу мүмкүн экенин жоромолдойт.

— Жарандардын бардыгын медициналык билими бар адамдарга гана кулак салууга чакырам. Бул инфекциянын жайылышын айрымдар өзүн көрсөтүп калууга пайдаланып жатышат. Дезинфекциядан эч ким өлгөн эмес, дегеле андан майнап деле чыкпайт. Ал өпкөнү күйгүзүп кетчү согуштук хлор эмес да, күн нурунан саналуу мүнөттө бузулат.

"Протоколдорду иштеп чыгып жаткандардын баары – кылмышкер" деп болгон жактын баарына жазып жаткан бир адам да мени таң калтырат. Айтымында, кайсы бир компаниянын вируска каршы анча изилденбеген дарысын тизмеге киргизбей коюшкан имиш. Ал адам чаң салып, медициналык коомчулукту үч көтөрүүдө. Кептин баары муну менен күрөшүүгө азыр убактыбыздын жоктугунда. Мындай көрүнүштөрдүн баары ишке жолтоо болуп, өлкөнү дүрбөлөңгө салат.

— Коронавирус коркунучтуубу?

— Коркунучтуу. Бейтаптардын кандай кыйналып, кантип бул илдет менен алышып жатканын сөз менен сүрөттөп бере албайм. Көпчүлүгү жуктуруп аларына да ынанбаганын моюнга алышты. Бирок коронавирус чындап эле бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0