Кыргызстанда бир күндө 420 адам COVID жуктурганы аныкталды. Жалпы саны 36719 киши

© AFP / FRED TANNEAUКоронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгүлөр. Архив
Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 36 719 адамга жетти.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир күндө 420 адамдын COVID жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 112;
  • Ысык-Көл облусу – 98;
  • Жалал-Абад облусу – 79;
  • Ош облусу – 55;
  • Баткен облусу – 21;
  • Ош – 19;
  • Нарын облусу – 15;
  • Чүй облусу – 13;
  • Талас облусу – 8.

Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 36 719 адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0