Бир суткада 848 бейтап коронавирусту жеңди

© AFP / YURI KADOBNOVОоруканадагы бейтаптар жана дарыгер. Архив
Ооруканадагы бейтаптар жана дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурларда өлкө аймагында коронавирус жуктургандарга караганда сакайгандардын саны көбүрөөк боло баштады.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 848 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда статистика төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 305
  • Чүй облусу – 65
  • Ош облусу – 35
  • Талас облусу – 42
  • Нарын облусу – 43
  • Ысык-Көл облусу – 132
  • Жалал-Абад облусу – 155
  • Баткен облусу – 41
  • Ош шаары – 30

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 27 274кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0