Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян

© Sputnik / Максат ЭлебесовМиррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, профессор Акпай Сарыбаев. Архив
Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, профессор Акпай Сарыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 канды коюлтуп иери белгилүү болуп, ушул тапта көпчүлүк жарандар канды суюлтуу максатында бул дарыларды ичип жүрүшөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ден соолугу таза адамдарга кардиомагнил жана тромбо АСС препараттарын ичүү зыян алып келет. Бул тууралуу Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, профессор Акпай Сарыбаев билдирди.

Дарыгерлерге "инфаркт жана инсультту алдын алуу үчүн аталган дарыларды ичүүгө болобу" деген суроо берилген. Эске салсак, COVID-19 канды коюлтуп иери белгилүү болуп, ушул тапта көпчүлүк жарандар канды суюлтуу максатында бул дарыларды ичип жүрүшөт.

COVID-19дан жаңы сакайган киши кандай тамак жеш керек. Адистин кеңеши

"Эч жери оорубаган адамдар көп кайрылып, бул препараттарды ичип жүргөнүн айтып жатышат. Эгер ден соолугуңуз жайында болсо, аларды ичип кереги жок, булар кансыроого алып келиши мүмкүн. Аталган каражаттарды профилактика үчүн ичип жүргөндөр пайдасынан зыянын көп тартып каларын көптөгөн иликтөөлөр далилдеген", — деди дарыгер.

Анын айтмында, бул эки препаратты дарыгердин сунушу менен жана айтылган мөөнөтүнөн ашырбай пайдалануу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0