Аймактарда күн ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы

© REUTERS / KYODOКыз кол чатыр менен жаан учурда. Архив
Кыз кол чатыр менен жаан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта ичинде айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бирок Бишкекте 3-августтан 6-августка чейин күн ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу билдирүү таратты.

2-3-август күндөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

3-августта Бишкекте жамгыр жаабайт. Бирок Чүй облусу менен Таластын тоолуу аймактарында жаан карга айланышы божомолдонду. Башка облустарда да жаан жаашы мүмкүн.

4-августта Ош, Жалал-Абад, Баткенде күн ачык болот. Ал эми Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө өткүн өтүшү ыктымал.

5-август күнү көпчүлүк аймактарда күн ачык болот, анын ичинде Ысык-Көлдүн Каракол, Чолпон-Ата шаарларында аба ырайы жылуу болуп, жамгыр жаабайт.

6-августта айрым аймактарда күн себелеши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0