Онколог оозго келген зил эмнеден кабар бере турганын айтты

© Sputnik / Григорий СысоевМедициналык кызматкер бейтапты карап жатат. Архив
Медициналык кызматкер бейтапты карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин билдиришинче, ооз көңдөйүндөгү ачуу даам көп учурда өттүн суюктугу он эки эли ичеги аркылуу ашказанга түшүп кеткенде пайда болот.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Дарыгер-хирург жана онколог Иван Карасев оозго келген ачуу даам менен тилдин саргайышы эмнеден кабар берерин айтып бергенин РИА Новости жазды.

Медиктин айтымында, ооз көңдөйүндөгү мындай жагымсыз нерсе көп учурда өттүн суюктугу он эки эли ичеги аркылуу ашказанга түшүп кеткенден улам болот. Ашказандагы зил туз кислотасы менен аралашып, ары жакка кете албай калгандыктан кызыл өңгөчкө чейин көтөрүлөт.

Адатта пайдалуу дейбиз... Гастроэнтеролог тамакты ысык ичүү зыян экенин айтты

"Бул процесс ларингит сыяктуу өнөкөт ооруларды чакырышы мүмкүн. Ошондуктан гастроскопия кылдырып, УЗИге түшүү керек же гастроэнтерологго кайрылыңыз", — деген Карасев.

Онколог кошумчалагандай, ден соолуктагы мындай өзгөрүүнү калыбына келтирүү эки-үч жуманы талап кылат, андан кийин "сен көр, мен көр, жок болот".

Жаңылыктар түрмөгү
0