Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер

CC0 / takedahrs / Көмөч казандар. Архив
Көмөч казандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмөч казан керектен чыгайын деп калганда тамак түбүнө тарта баштаары айтылат. Ичи чийилип-тытылып калгандан кийин зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Эскилиги жетип калган көмөч казан зыяндуу заттарды бөлүп чыгаргандыктан аны алмаштыруу керек. Идишти колдонууга болбой калганы тууралуу кантип билүүгө болорун Sputnik радиосуна шеф-повар Сергей Синицын айтып берген.

Макалада айтылгандай, тамактын даамы менен сапаты азык-түлүктөн эмес, ал жасала турчу идиш-аяктан дагы көз каранды. Айрым ашкана буюмдарын убагында алмаштырып турбаса ден соолукка кедергисин тийгизет.

Кытайлык ашпозчу эт тууроо ыкмасы менен интернетти жарды. Видео

Шеф-повардын айтымында, көмөч казан керектен чыгайын деп калганда тамак түбүнө тарта баштайт.

"Эгер көмөчтан менен бат-баттан тамак жасасаңыздар, эки жылда бир алмаштырыш керек. Бирок ага чейин эле бир нерсени күйгүзө баштаса, бөлөгүн алуу зарыл. Көмөч казандын дал ушундайы жана ичи чийилип-тытылганы зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат", — деген Синицын.

Ашпозчунун айтымында, эгерде көмөчтанды ыргыткыңыз келбей жатса, анда аны түбүнө тартпай турчу азыктар үчүн колдонсо болот. Тагыраагы, ага күн карама жана жаңгак кууруп, нанды кытырак кылууга мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле идиштин астына пергамент төшөп, стейк бышырса болот.

Ал көмөч казандын сынын кетирбеш үчүн аны идиш жууй турчу машинага салбай эле коюуну сунуштаган. Себеби ал көмөчтандын тамакты күйгүзгөнгө каршы материалын керектен чыгарарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0