Финпол: Жалал-Абаддагы ыктыярчыларга басым жасалган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын финансы полициясы имараты. Архив
Кыргыз Республикасынын финансы полициясы имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган мекеме тарабынан кысым болуп жатканын "Жалал-Абад жаштар кыймылынын" өкүлү айтып чыккан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери волонтердук кыймыл өкүлдөрү менен байланышпаганын, эч кандай текшерүү болбогонун жана сотко чейинки өндүрүш да жок экенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Финпол кызматкерлеринин волонтердук кыймылга кысым көрсөтүп жатканы тууралуу айтылган сөзгө ушундай жооп берди.

Финпол: моргдо маркумдардын жакындарынан акча талап кылган фактылар аныкталды

Мекеме мындай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын жана коомчулукту адаштырып жатканын белгилөөдө.

"Учурда "Жалал-Абад жаштар кыймылынын" өкүлү Наргиза Караева менен иштешип жатабыз. Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгы кысымга алган кызматкерди тактап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Караева финполчулар тарабынан ыктыярчылык ишмерүүлүккө байланыштуу кысым көрсөтүлүп жатканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0