Соңку суткада коронавирустан 19 киши көз жумду

© AP Photo / Dolores OchoaДарыгер COVID-19 менен оруган бейтаптын палатасында
Дарыгер COVID-19 менен оруган бейтаптын палатасында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө марттан бери коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 397ге жетти.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 19 киши көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

COVID-19дан каза болгондор (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаары — 3;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 2;
  • Ош облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Баткен облусу — 1.

Ал эми Таласта көз жумгандар болгон жок.

Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео

Пандемиядан бери өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 397ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0