Окумуштуулар: коронавирус кулактын угуусун да кескин начарлатышы мүмкүн

© AP Photo / Victoria JonesКиши кулагына термометр тийгизип жатат. Архив
Киши кулагына термометр тийгизип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар коронавирустан дарыланып жаткан 121 бейтаптын абалын көзөмөлдөгөн. Натыйжада алардын бир канчасы госпиталдан чыккандан кийин угуусу начарлаганын айтышкан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар коронавирус кулактын угуусуна дагы таасир бериши мүмкүндүгүн аныкташты. Манчестер университетинин (Улуу Британия) аудиологдорунун изилдөөсү тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер Уайтеншоу ооруканасында коронавирустан дарыланып жаткан 121 бейтаптын абалын көзөмөлдөгөн. Натыйжада алардын 16сынын кулагынын угуусу госпиталдан чыккандан сегиз жумадан кийин кескин начарласа, жарымынын кулагы тунуп, калганы жакшы укпай калган.

Коронавирус ысык жана хлордуу сууда эмне болорун адистер айтып беришти

Университеттин алдыңкы изилдөөчүсү Кевин Манро COVID угуу тутумунун бардык бөлүктөрүндө, анын ичинде ортоңку кулакта же ички кулактын үлүлүндө көйгөй жаралышы мүмкүн деди. Ал белгилегендей, ооруда угуу нерви менен мээнин байланышы начарлап кетет.

"Иликтөө вирус жуктургандарда кулагынын угуусунда узак убакытка бузулуу коркунучу бар экендигин айтып турат. Бөтөнчө буга чейин эле угуусунда көйгөйү барлар үчүн кооптуу", — деп айтылат маалыматта.

Манро кошумчалагандай, изилдөөгө карабастан угууга башка факторлор дагы таасир этиши мүмкүн. Буга стресс жана тынчсыздануу, сүйлөшүүгө тоскоол болгон масканы тагынуу, кулакка зыянын тийгизе турчу вирустун дарылары жана башкалар болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0