Кечке жууй бербегиле! Стоматолог кариестин алдын алуу жолун айтты

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүСтоматолог иш учурунда. Архив
Стоматолог иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, тишти күнүнө эки-үч маал гана тазалоо керек. Андан көп болгондо тери менен бириккен жери жабыркап, чирип кетишине алып келет.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Тиштин кариесин алдын алуу үчүн аны кечке жууй берген туура эместигин РИА Новости дарыгер-стоматолог Луиза Автандилянга шилтеме берүү менен жазды.

Анын билдиришинче, тишти күнүнө эки-үч маал гана тиш пастасы менен тазалоо керек. Андан көп болгондо тери менен бириккен жери жабыркап, чирип кетишине алып келет.

Ошондой эле айрымдар кариестен сактануу үчүн кечке сагыз чайнашат. Анын таттуулугу тишке курт түшүрсө, кечке чайнай берүү шилекей безине зыянын тийгизип, ичеги-карындын иштешин бузат.

Адамдын кандай дартка кабылганын тилдин өңүнөн билсе болот. Кеңештер

Бирок ошол эле учурда таттуу жеген кишилер гана кариеске кабылат деген түшүнүк туура эмес.

"Тишти чирите турчу азык жок, бул аны карагандан көз каранды. Балмуздак жейсизби же салатпы, ооз көңдөйүнүн гигиенасын сакташыңыз керек. Тишти жуугандан тышкары, аны тазалоочу атайын каражаттарды же жиптерди колдонуңуз", — деген дарыгер.

Ошондой эле Автандилян кариес дайыма кара тактар менен коштолорун четке каккан. Ал баштапкы этапта оорутуп, ыңгайсыздык жаратпайт, бирок агыш тактар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0