40 жыл мурда, дал ушул күнү Каныбек Осмоналиев Олимпиаданын алтын байгесин уткан

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүКаныбек Осмоналиев 52 килограмм салмак даражасында Москва – 80 Олимпиада оюндарынан алтын медаль уткан
Каныбек Осмоналиев 52 килограмм салмак даражасында Москва – 80 Олимпиада оюндарынан алтын медаль уткан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Москва Олимпиадасы боюнча атайын долбоордун алкагында СССРдин капчыгына алтын байге алып келген кыргызстандык темир билек балбандын ошол кезде намыс алып бергенин эскерет.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кырк жыл мурда, дал ушул күнү советтик оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 килограмм салмак даражасында Москва – 80 Олимпиада оюндарынан алтын медаль уткан.

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүКырк жыл мурда, дал ушул күнү советтик оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 килограмм салмак даражасында Москва – 80 Олимпиада оюндарынан алтын медаль уткан
40 жыл мурда, дал ушул күнү Каныбек Осмоналиев Олимпиаданын алтын байгесин уткан - Sputnik Кыргызстан
Кырк жыл мурда, дал ушул күнү советтик оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 килограмм салмак даражасында Москва – 80 Олимпиада оюндарынан алтын медаль уткан

Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону, кыргызстандык Каныбек Осмоналиев Олимп оюндарында Корей Республикасынын спортчуларын артка калтырган.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Ошол жылы катардагы тарых сабагынын мугалими дүйнөлүк спорт жылдызына айланган. Олимпиадада биринчилик үчүн таймашта Осмоналиев олимпиадалык рекорд (жулкуп, түртүп көтөрүүдө жалпысынан 245 килограмм) жараткан.

Оор атлетчи ушул күндөрү Кыргызстанда жашап, "Ынтымак" спорт мектебинде жаңы муунду машыктырып келет. Каныбек Осмоналиев 66 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0