Журтубуз дарттан тезирээк кутулсун! Жээнбеков Курман айт менен куттуктады

Жазылуу
Жээнбеков элге аманчылык тилеп, ар бир мекендешке ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалап кеткен. Белгилей кетсек, Курман айт быйыл пандемия шартында белгиленип жатат.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктап, эл-журтка ден соолук, бакыт-таалай каалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман айтты пандемия шартында белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм. Чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин", —деп айтылат өлкө башчынын куттукттоосунда.

Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти… Жээнбеков элге кайрылды

Жээнбеков элге аманчылык тилеп, ар бир мекендешке ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0