Бүгүн Оштон Москвага чартердик каттам учту

Жазылуу
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Россия элчилиги тарабынан түзүлгөн. Каттамда Россиянын 183 жараны менен кошо 37 кыргызстандык бар.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бүгүн, 30-июлда, "Ош" эл аралык аэропортунан Москвага 220 жүргүнчүсү менен чартердик каттам учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Маалыматка ылайык, "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагында Россиянын 183 жараны менен кошо 37 кыргызстандык учуп кеткен.

Россиядан Кыргызстанга каттаган учактардын санын көбөйтүү пландалууда

Курбанова белгилегендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Россия элчилиги тарабынан түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0