БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Соңку бир күндүн аралыгында Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы 17 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек – 9;
- Чүй облусу – 2;
- Нарын облусу – 2;
- Жалал-Абад облусу – 4.
Бактыга жараша, Ош облусу менен шаарында, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облусунда каза болгондор жок.
Ушуну менен өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 364кө жетти.
Аталган вирусту жугузуп каза тапкан алгачкы учур 3-апрелде катталган.