Кикбоксинг боюнча чемпион Көлдүн башчысы Балбак Түлөбаевге жардамчы болду

© Фото / предоставлено Дастаном ШаршеевымАралаш мушташ боюнча спортчу Дастан Али Шаршеев. Архив
Аралаш мушташ боюнча спортчу Дастан Али Шаршеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр спортчу кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңип, алтын медаль тагынган. Ал аралаш стилдеги мушташтын чебери.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жаңы жетекчиси Балбак Түлөбаев аралаш мушташ боюнча спортчу Дастан Али Шаршеевди жардамчы кылып алды. Бул туурасында облус башчысы Facebook тармагындагы баракчасына маалымдады.

"Урматтуу калайык! Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын", — деп жазды ал.

Эске салсак, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү болуп дайындалган. Ал эми мурдагы жетекчи Акылбек Осмоналиев Бишкекке өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп келди.

Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты

Дастан Али Шаршеев былтыр кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ал Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган жана көп жыл бою Россияда жашап жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0