Боронов: Ошто өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарылат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда
Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт ар бир облусту бирден компьютердик томография жана санариптешкен рентген аппараты менен камсыздайт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ош шаарында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарган завод ишке киришти. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы Бишкекте кырдаал бир аз турукташканы менен Ош шаары, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда абал оор бойдон алып жатканын белгиледи. Учурда ар бир региондорду медициналык жабдуу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

"Дагы бир жакшы кабар айта кетейин. Мен мурунку жумада Ош облусуна барып келдим. Ошол жерде жаңы ачылган машина куруу заводунда өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын чыгаруу жолго коюлуптур. Кудай буюрса, сыноодон өтө турган болсо атамекендик өндүрүшчүнүн аппараттарын колдонууга мүмкүнчүлүк болот", — деди Боронов.

Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди

Мындан сырткары, ал мамлекет тарабынан ар бир облуска бирден компьютердик томография жана санариптешкен рентген аппараты коюла турганын айтты. Премьер-министрдин билдиришинче, буга чейин өлкө боюнча Бишкекте - 12, Ошто төрт гана компютердик томография болгон. Башка аймактарда мындай жабдуу иштеген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0