Муфтият: Айт намаз аянттарда, мечиттерде окулбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери коомдук тартипти сактап жатат айт намаз учурунда. Архив
Аскер кызматкерлери коомдук тартипти сактап жатат айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият коронавирус боюнча кырдаалды эске алып, элди Курман айт майрамын үйдөн эле өткөрүүгө чакырды. Айт майрамы быйыл 31-июлга туш келди.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, быйыл Курман айт майрамы 31-июлга туш келди.

Курман айт быйыл кантип белгиленет? Муфтияттын 7 сунуштамаcы

"Өлкөдө коронавирустун жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алып, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынды. Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпы үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдайлы", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин муфтият Курман айт намазы окулбай калганда курмандыкты эртең менентен тарта чала берсе болорун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0