Вице-премьерлер ыктыярчылар менен жолукту. Талкууланган маселелер

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьерлер ыктыярчылар менен жолукту
Вице-премьерлер ыктыярчылар менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып тийиштүү суроолорго жооп беришкен.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн ыктыярчылар менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызской Республики Аида Исмаилова и Эркин Асрандиев встретились с волонтерами, оказывающими помощь населению в период пандемии коронавирусной инфекции COVID-19.
Вице-премьер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн ыктыярчылар менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/4
Вице-премьер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн ыктыярчылар менен жолугушту
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызской Республики Аида Исмаилова и Эркин Асрандиев встретились с волонтерами, оказывающими помощь населению в период пандемии коронавирусной инфекции COVID-19.
Исмаилова жолугушуунун максаты волонтердук кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, илдетке каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү экенин айткан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Исмаилова жолугушуунун максаты волонтердук кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, илдетке каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү экенин айткан
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызской Республики Аида Исмаилова и Эркин Асрандиев встретились с волонтерами, оказывающими помощь населению в период пандемии коронавирусной инфекции COVID-19.
Иш-чаранын жүрүшүндө Асрандиев менен Исмаилова донордук жана гуманитардык жардамдар боюнча кенен маалымат берген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Иш-чаранын жүрүшүндө Асрандиев менен Исмаилова донордук жана гуманитардык жардамдар боюнча кенен маалымат берген
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министры Кыргызской Республики Аида Исмаилова и Эркин Асрандиев встретились с волонтерами, оказывающими помощь населению в период пандемии коронавирусной инфекции COVID-19.
Аны менен катар Бирге кыймылынын жетекчиси Элдар Шабдановдун волонтердук кыймылдын иши тууралуу бет ачары көрсөтүлгөн - Sputnik Кыргызстан
4/4
Аны менен катар "Бирге" кыймылынын жетекчиси Элдар Шабдановдун волонтердук кыймылдын иши тууралуу бет ачары көрсөтүлгөн
1/4
Вице-премьер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн ыктыярчылар менен жолугушту
2/4
Исмаилова жолугушуунун максаты волонтердук кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, илдетке каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү экенин айткан
3/4
Иш-чаранын жүрүшүндө Асрандиев менен Исмаилова донордук жана гуманитардык жардамдар боюнча кенен маалымат берген
4/4
Аны менен катар "Бирге" кыймылынын жетекчиси Элдар Шабдановдун волонтердук кыймылдын иши тууралуу бет ачары көрсөтүлгөн

Исмаилова жолугушуунун максаты волонтердук кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, илдетке каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү экенин айткан.

"Волонтердук уюмдар жарандарга жана мамлекетибизге колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө аракетин кылууда. Өз кезегинде мамлекетик органдар волонтерлорду ар тараптан колдоп турушу шарт. Биздин күч-аракетибизди координациялоо максатында birge.pro платформасы иштелип чыккан", — деди Исмаилова.

Иш-чаранын жүрүшүндө Асрандиев менен Исмаилова донордук жана гуманитардык жардамдар боюнча кенен маалымат берген. Аны менен катар "Бирге" кыймылынын жетекчиси Элдар Шабдановдун волонтердук кыймылдын иши тууралуу бет ачары көрсөтүлгөн.

Чогуу иштешели. Жээнбековдун ыктыярчылар менен жолуккан видеосу чыкты

Жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында өтүп, ыктыярчылар учурда тушугуп жаткан көйгөйлөрү тууралуу айтышкан.

"Ыктыярдуу уюмдардын өкүлдөрү эпидемиологиялык абал оор аймактарга өзгөчө көңүл буруу, медицина кызматкерлеринин саламаттыгын сактоо маселесин көтөрдү. Ошондой эле алар медиктерди колдоо боюнча мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүүгө тийиш деп эсептешет. Электрондук медицинаны ишке киргизүү, кризистик шарттарда бизнес-коомчулукту колдоо, пандемияга каршы күрөшүү боюнча калкка маалымат берүү маселелери ортого салынды", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү дагы катышып, тийиштүү суроолорго жеринде жооп беришкен. Жыйынтыгында мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп туруу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0