Бишкектин ооруканаларында канча орун бошоду? Тизме

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы палата. Архив
Ооруканадагы палата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда "Гансидеги" оорукана, Улуттук госпиталь жана Воронцовкадагы санаторийде бош орундар көбүрөөк. Белгилей кетсек, күндүзгү стационарларга кайрылган бейтаптардын саны да азайган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 367 бош орун бар экенин билдирди.

Күндөн-күнгө ооруканалардагы бош орундардын саны көбөйүп, бейтаптардын азайганы байкалууда. Азыркы учурда "Гансидеги" оорукана, Улуттук госпиталь жана Воронцовкадагы санаторийде бош орундар көбүрөөк.

Коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу чыгат. Боронов президент менен сүйлөштү

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 531;
  • Улуттук госпиталь — 164;
  • Воронцовкадагы санаторий — 205;
  • №1 интернат — 100;
  • Республикалык наркология борбору — 89;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 48;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 34;
  • "Ынтымак" медресеси — 37;
  • Темир жол ооруканасы — 17;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 47;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 15;
  • Rixon мейманканасы — 21;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 22;
  • Discovery мейманканасы — 23.
  • Улуттук хирургия борбору — 14.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны дагы кыйла азайып жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0