Бүгүндөн баштап Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү бир айга чейин жабылат

Жазылуу
Автоунаалар бир тилке менен гана жүрө алышат. Мындан улам ишкана айдоочуларды алдын ала башка жолдорду тандап алууга чакырды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Токтогул көчөсүнүн Орозбековдон баштап Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү бүгүндөн тарта жабылат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган көчөдөгү кыймыл 27-июлдан 30-августка чейин ремонт иштеринен улам чектеле турганы айтылган. Билдирмеге ылайык, аталган бөлүктө жылуулук түйүндөрүн күз-кышкы мезгилге даярдоо иштери жүрөт.

Батут сымал... Бишкек мэриясы күлкүгө салган жаңы асфальт боюнча жооп берди

Ишкана айдоочуларды кошумча башка жолдор менен жүрүүгө чакырып, келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0