ӨКМ: Боомдун суу каптаган жолу тазаланып, ачылды. Сүрөт

© Sputnik / Эмиль СадыровТрасса Бишкек — Торугарт
Трасса Бишкек — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамгырдан улам капчыгайдын ичиндеги жолго суу толуп, бүгүн ары-бери өткөндөр үчүн бир топ түйшүк жараткан эле.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Боом качыгайындагы автожол ачылып, автоунаалар тоскоолдуксуз каттап жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, жамгырдан кийин Бишкек — Нарын — Балыкчы жолунун 145-чакырымын суу каптаган. Тараган видеодон автокөлүктөрдүн кыйынчылык менен өтүп жаткандыгын көрүүгө болот эле.

Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

ӨКМден жолду каптаган сууну министрликтин адистери кантип кетирип жаткандыгын көрсөтүштү.

Редакция мындан төрт жыл мурда аталган капчыгайдын дал ушул жериндеги суу топтолуп калган маселе тууралуу жазган эле. Анда мындай ыңгайсыздыкка суу агып кете турган түтүктөрдүн жаткырылбаганы себеп экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0