Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги

© Фото / Анна ДильсБразильянка Джессика Лима, живущая в Бишкеке
Бразильянка Джессика Лима, живущая в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектиктер бразилиялык мейманыбызды көргөндө кандай кабыл алышарын, Кыргызстан менен Бразилиянын окшоштуктары бар-жогун Sputnik агенттигинин окурмандарына Жессика Лима айтып берди.

Кыргызстанга бир нече айга гана келген, бирок коронавирус пандемиясы анын пландарын бузуп койду. Жессика Бишкекте жарым жылдан ашуун мезгилден бери жашап, бий боюнча сабак да берүүдө.

— Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?

— Бир топ убактан бери Кытайда жашап, иштеп жүргөм. Ал жактан ымала түзгөн жигитим Бишкектен эле. Мекенине чакырып, үй-бүлөсү менен тааныштырмак болду. Саякаттоону жактырам, анан да жигитиме ашыкмын. Ошондуктан былтыр ноябрда учуп келгем.

Пакистандык студент: мурдумду сындыра сабашты, ошентсе да ыктыярчылыкты таштабайм

Адегенде кадимки туристтей жүрдүм. Тамакка болушунча тойгузушат, палоо, лагман, улуттук суусундуктар... Жигитим мага Бишкектин кооз жайларын көргөздү, парк, скверлерде сейилдедик. Шаар да жакшы, турмуш жай ыргакта, Кытайда көргөн ызы-чуу дегеле жок. Бирок баарынан да мага калаага жапжакын тоолор жакты. Терезеден карасаң да сонун көрүнөт, машина менен 30 мүнөттө эле жетип барасың. Бул жакка келгенче жигитимден баарын тактагам. Интернеттен Кыргызстан боюнча көп окугам. Эки-үч ай жүрөм деп пландаган элем, бирок пандемиядан улам мейманчылыгым жарым жылдан ашып кетти.

Башта ушундайда жакындарымдын жанында болбогонума, иштей албаганыма катуу кейип жүрдүм. Убакыт өткөн сайын андай ойлор басаңдады, сүйүктүүм, анын үй-бүлөсү менин абдан жакын адамдарыма айланды, ал эми туугандарым менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп турам. Ал тургай иш да таптым. 

© Фото / предоставлено Джессикой ЛимойБразилиялык Жессика Лима. Ал Кыргызстанга бир нече жумага келип, бирок коронавирус пандемиясынан улам Бишкекте жарым жылдан ашуун мезгилден бери жашап жатат. Учурда бишкектиктерге бийден сабак берет.
Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Бразилиялык Жессика Лима. Ал Кыргызстанга бир нече жумага келип, бирок коронавирус пандемиясынан улам Бишкекте жарым жылдан ашуун мезгилден бери жашап жатат. Учурда бишкектиктерге бийден сабак берет.

— Кыргызстанда көңүлүңүзгө толгон нерсе эмне болду?

— Табияты көз жоосун алат, тоолор тим эле кол менен тартып койгондой. Анан да өмүрүмдө биринчи ирет ушунча калың карды көрдүм. Жомоктогудай сезилди, жаш балача сүйүндүм. Бирок декабрда калың кар жааганда күн өтө сууктап кетти. Андай климатка көнүш кыйынга турду.

Айтмакчы, тоодо жашаган элди көрүп да суктандым. Алар жаратылыштын тилин тапкан. Колдорунда зарыл нерсенин баары: машинанын ордуна жылкылары, суу түтүгүнүн ордуна дайра бар. Таптаза аба менен дем алышат. 

© Фото / предоставлено Джессикой ЛимойЖессика Лима: Кытайда жашап-иштеп жүргөм. Сүйлөшкөн жигитим Бишкектен. Мекенине чакырып, үй-бүлөсү менен тааныштырмак болду. Ошентип былтыр ноябрда учуп келгем.
Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Жессика Лима: Кытайда жашап-иштеп жүргөм. Сүйлөшкөн жигитим Бишкектен. Мекенине чакырып, үй-бүлөсү менен тааныштырмак болду. Ошентип былтыр ноябрда учуп келгем.

— Өз кесибиңиз тууралуу айтсаңыз. Кытайда, Бразилияда эмне менен алектенчү элеңиз?

— Бир топ жылдан бери бий менен профессионалдык түрдө машыгам. Бразилияда бийчилик ишти, хореография мугалими жана интернеттеги социалдык ишти бирге алпарчумун. Муктаж үй-бүлөлөр жана көчөдө күн көргөн балдарга жардамдашчумун.

Бийчилер жакшы тапкан жакка – Кытайга кетким келди. Ар бир иш-чарага ал жакта ири шоу-программаларды уюштурушат. Бул ишти саякат менен айкалыштырууга ыңгайлуу, коңшу өлкөлөргө же Европага каттап турсам болот.

Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек

Бирок Кытайда жашоо оңой эмес. Атаандаштык абдан күч, дүйнө жүзүнөн бийчилер акча тапканы келишет. Ар күнүң бири-бирине коендой окшош: ойгоносуң, жарым күн бошсуң, анан даярдык, ишиңди аткарасың. Кайра уктамай. Мындай режимде артисттер жөн эле күн өткөрө берет, үйүнө кайтканда гана чындап жашай башташат.

Кытайда турмушум махабатка кабылгандан кийин өзгөрдү. Жигитим да ушул чөйрөдө. Мамиле курууну пландаган эмесмин, бирок бул сенин колуңда эмес тура... 

© Фото / Анна ДильсАзыр Жессика Бишкектеги бий мектептеринин биринде иштеп жатат.
Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Азыр Жессика Бишкектеги бий мектептеринин биринде иштеп жатат.

— Кыргызстандагы бий индустриясы боюнча эмне дейсиз?

— Таланттуу бийчилер көп экен, бирок тилекке каршы, мекенинде эмес, өз өнөрү менен сыртта гана акча таба алышат. Бул жакта аларга талап аз. Мен кезиктирген балдардын баары мыкты. Карантин убагында көпчүлүк балдар чет өлкөлөрдөн кайтышты.

Ушул тапта Бишкектеги бий мектептеринин биринде иштеп жатам. Контемпорари, боди-балет, ошондой эле зумба боюнча сабак берем. Ачыгын айтсам, таң калдым. Бийчилердин тобун чогултуп  жатканда жергиликтүү кыздар бразилиялыктарга караганда уяң келерин эскертишкен. Сабак берип келе жатканыма кыйла убакыт болуп калгандыктан, ойлонбой деле коеюн дегем. Мектептин далисинен окуучуларым менен кезиккенимде сулуу, бир аз тартынчаак экенин байкадым. Бирок студияда музыканы койгонумда аларды көрүп кубандым. Кыздар ачык, ишенимдүү жана көрктүү болуп чыга келишти. Бул бийде өтө маанилүү.

Бишкекте эпидемиологиялык жагдай начарлап кеткенде биз онлайн-режимге өттүк. 

© Фото / предоставлено Джессикой ЛимойЖессика: эгер кыз өтө ачык кийинген болсо, жергиликтүү эл жаман кабыл алчудай. Бразилияда каалагандай кийинесиң, эч кимдин сени менен иши жок.
Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Жессика: эгер кыз өтө ачык кийинген болсо, жергиликтүү эл жаман кабыл алчудай. Бразилияда каалагандай кийинесиң, эч кимдин сени менен иши жок.

— Кыргызстандыктар менен бразилиялыктардын окшош же таптакыр айырмаланган кайсы жактарын белгилейт элеңиз?

— Жаңыдан келгенимде жергиликтүү жашоочулар тышкы көрүнүшкө башкача карашарын түшүндүм. Эгер кыз өтө сексуалдуу кийинген болсо, көпчүлүгү жаман кабыл алчудай. Бразилияда каалагандай кийинесиң, эч кимдин сени менен иши жок. Бирок ачык топ (кыска футболка) жана чолок шым кийгенди жактырганым менен бул жактагы өзгөчөлүккө жараша кийинип жүрөм.

Кыргызстанда өткөргөн бир нече айдын ичинде 25 жашка келип, эмнеге турмушка чыкпай жүргөнүмдү көп жолу сурашты. Балалуу болууга мезгил жетиптир! Алардын оюнда азыр, ушул жерде төрөбөсөм, маалы өтүп кетет имиш. Ишим, үйүм барбы, топтогон каражатым жетеби, ага маани беришпейт. Бразилиялыктар үй-бүлөнү камсыздоого жетишерлик акча тапмайынча үйлөнүшпөйт. Аялдардын көбү ушул себептен улам 30 жаштан кийин төрөшөт. Бразилиялык тун перзентин кыркында деле төрөсө, эч ким ага эч нерсе дебейт. Бул – анын чечими.

Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары

Анан да кыргыз жигиттер үйлөнүү тоюн дээрлик толук өз мойнуна аларын уктум. Бразилиялыктарда бул салтанатты "50Х50" принцибинде, эки тарап теңме-тең акча чыгарып өткөрөт. Бирок эки элди бириктирип турган нерселер да бар. Улууларга бирдей сый мамиле кылып, салт-санааны карманабыз. Эки өлкөнүн тең ашканасы абдан даамдуу жана көп жагынан окшошуп да кетет. Ошондон уламбы, кээде өз үйүмдө эмес экенимди деле унуткарам. 

© Фото / предоставлено Джессикой ЛимойЖессика: шаар аралап жүргөнүмдө адамдар тармал чачыма кызыгышат.
Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Жессика: шаар аралап жүргөнүмдө адамдар тармал чачыма кызыгышат.

— Бразилиялык кызга кыргызстандыктар кандай карап жатышат?

— Шаар аралап жүргөнүмдө кээде адамдар бурулуп карашат. Тармал чачымдан улам бул парик же чыныгы экенине кызыгышат. Өзүмдүн чачым (күлүп). Жаңы таанышкандар Кыргызстанга эмнеге келгенимди, анан, албетте, баарынан эмнени жактырганымды сурашат. Жооп катары тоолордун толгон сүрөттөрүн көрсөтүп коем.

Жаңылыктар түрмөгү
0