Учурда Бишкектеги ооруканаларда 1377 бош орун бар. Дареги

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию детского лагеря "Зарница" в Свердловской области
Подготовка к открытию детского лагеря Зарница в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн санап борбор калаадагы ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны азайып, бош орундар көбөйүп жатканы байкалууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1377 бош орун бар экенин билдирди.

Күн санап ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны азайып жатканы байкалууда. Мындан үч күн мурун 1 190 бош койка болгон, андан бери дагы 185 орун кошулду.

COVID-19ду дагы 1185 киши жеңип чыкты

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 516;
  • Улуттук госпиталь — 149;
  • Воронцовкадагы санаторий — 181;
  • №1 Интернат — 98;
  • Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 87;
  • Республикалык наркология борбору — 82;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
  • №1 Шаардык клиникалык оорукана — 60;
  • "Ынтымак" медресеси — 36;
  • Темир жол ооруканасы — 17;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 54;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
  • Rixon мейманканасы — 16;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 15;
  • Discovery мейманканасы — 9.
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Улуттук фтизиатрия борбору - 1.

Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0