23:12 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
257 0 0

Дастанбек Жумабеков дарыгерлерге ыраазычылык айтып, алардын пандемия шартындагы эмгегин зор эрдик деп баалады.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 25-июлда, Суусамырдагы күндүзгү стационардан кабар алып, ага 250 миң сомдук жардам берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Торага Дастанбек Джумабеков посетил дневной стационар в Суусамыре и оказал помощь в размере 250 тыс. сом
    Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 25-июлда, Суусамырдагы күндүзгү стационардан кабар алып, ага 250 миң сомдук жардам берди
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Дастанбек Джумабеков посетил дневной стационар в Суусамыре и оказал помощь в размере 250 тыс. сом
    Төрага Бишкек — Ош жолунун "Токойлуу" участкасында жайгашкан стационарга көрсөткөн көмөгүнүн ичинде медициналык кызматкерлердин маянасы, жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармек жана кычкылтек концентратору бар
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Дастанбек Джумабеков посетил дневной стационар в Суусамыре и оказал помощь в размере 250 тыс. сом
    Жумабеков дарыгерлерге ыраазычылык айтып, пандемия шартындагы алардын эмгегин зор эрдик деп баалап, стационардын зарылдыгын белгиледи
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Дастанбек Джумабеков посетил дневной стационар в Суусамыре и оказал помощь в размере 250 тыс. сом
    Бул чукул медициналык жардам көрсөтүүчү пункт ачылгандан бери андагы дарыгерлер 10 күндүк график менен иш алып барышат.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 4
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 25-июлда, Суусамырдагы күндүзгү стационардан кабар алып, ага 250 миң сомдук жардам берди

Төрага Бишкек — Ош жолунун "Токойлуу" участкасында жайгашкан стационарга көрсөткөн көмөгүнүн ичинде медициналык кызматкерлердин маянасы, жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармек жана кычкылтек концентратору бар.

Жумабеков дарыгерлерге ыраазычылык айтып, пандемия шартындагы алардын эмгегин зор эрдик деп баалап, стационардын зарылдыгын белгиледи.

"Бул стационар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам Бишкек — Ош жолунун эң маанилүү жерине ачылган. Ал Төө-Ашуудагы тоннелдин түштүк тарабынан тартып, "Ала-Бел" ашуусунун 209-чакырымына чейинки участканы тейлейт. Мындан сырткары, жолоочуларга, туристтерге, жайлоого чыккан малчыларга медициналык жардам көрсөтөт", — деди төрага.

Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү болот

Бул чукул медициналык жардам көрсөтүүчү пункт ачылгандан бери андагы дарыгерлер 10 күндүк график менен иш алып барышат.

Стационар Суусамыр айылына чейин 35, Кара-Балта шаарына 100 чакырымга чейинки аралыкта жайгашкан. Аймакта коомдук транспорт каттабайт.

Тема боюнча

Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү
Чыккан кыз чийден тышкары. Жээнбеков талкууга түшкөн кыз-күйөөсү тууралуу айтты
Белгилер:
иш сапар, стационар, Суусамыр, Дастанбек Жумабеков, төрага

ЭҢ МААНИЛҮҮ