ЖАМК Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн болжолдуу себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКаза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров. Архив
Каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азимжан Аскаров оң тараптуу пневмония диагнозу менен түшүп, кычкылтек концентраторуна туташтырылган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Азимжан Аскаровдун каза болгону тууралуу расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, ал №47 абак жайынын ооруканасына оң тараптуу пневмония диагнозу менен түшүп, кычкылтек концентраторуна туташтырылган.

"Сатурациянын деңгээли 80-83 болчу. Ал туташтырылган концентраторду атайын алып салып, каршылык көрсөткөн. Аскаров дарыгердин көзөмөлүндө болду. 25-июлда саат 09:30да кайрадан кычкылтек концентраторун үзүп салып, 10:30да көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жиберилген. Ал жерден атайын экспертиза жүргүзүлүп, укук коргоочунун өлүмүнүн себеби аныкталат.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемесинде жазасын өтөп жаткан. Ал 69 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0